Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

15:52 Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрагага жалаа жабылып атат деп билдирди


Төрага Айтибай Тагаевдин маалымат катчысы Авланбек Жумабаевдин билдиргенине караганда, акыркы күндөрү төраганын дарегине негизсиз дооматтар артылып, каралоо жүрүп жатат. "Тагаев мурда жетектеген курулуш материалдарын чыгаруучу Кызыл Кыядагы “Нур кн” ишканасынын иши менен журналисттер каалаган убагында таанышып, бардыгы мыйзамдуу экенине ынанса болот" деп билдирди маалымат катчы. Билдирүүнү маалымат катчы ыңкылапчы Абдулла Капаровдун айткандарына байланыштуу жасады.
Капаров “Дефакто” гезитине берген интервьюсунда Айтибай Тагаев ээлик кылган “Нур кн” ишканасынын карамагында 15 карьер бар экендигин, ал жердеги белгисиз казындылар Өзбекстанга ташылып турарын билдирген. Ошондой эле Капаров азыркы төрага экс-президенттин кызы түзгөн “Алга, Кыргызстан” партиясынын негизги каржылык колдоочусу болуп келгендиги тууралуу да айткан. Жаңы төраганын айланасындагы мындай маалыматтарды териштирүү демилгесин парламентте кечээ СДП фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева көтөргөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG