Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

17:17 Жалалабатта эгин жыйноо башталды


Облустун Ноокен районунда буудай чаап жыйноо ишине он үч комбайн киришти. Алдын ала эсептөөлөрдө облуста буудайдын түшүмдүүлүгү отуз центнерге жетиши күтүлүүдө. Эгин чаап-жыйноонун башталышына губернатор Кошбай Масиров да катышты. Ал калкты дан азыктары менен жетиштүү түрдө камсыз кылуу үчүн Өзбекстанга буудай өткөрбөө милдетин койду. Коңшу мамлекетке эгин өткөрүлгөнү аныкталса ага жооптуу адамдар катуу жаза алаарын эскертти. Быйылкы жылы эгин былтыркы жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп эгилген. (YA)

XS
SM
MD
LG