Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

17:30 Нарын шаарында өткөрүлүп жаткан жыйынды шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси күч менен таркатууга басым жасады


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук Теңиртоо аянтында жергиликтүү алкактагы “Биримдик” аттуу коомдук бирикме тарабынан облуста орун алган коррупция боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга жалпысы 34 адам күбө болушуп, чыгып сүйлөгөндөр жергиликтүү бийликтен “Кумтөр” алтын кенинин Нарын облусуна которулган каражаттар, Нарын шаарында өткөрүлгөн “Жүрөгүм менин тоолор” аттуу марафонунун жыйынтыгы тууралуу ачык-айкын маалымат беүү талаптарын айтышты. Жыйын жүрүп жаткан убакытта Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн ондон ашуун милиция кызматкерлери келишти жана бөлүмдүн жетекчиси Сейден Мамашев жыйынды таркатууга басым кылды. Бирок анын иш аракети мыйзамсыз экендиги билингенден кийин милиционерлер аянттан кетүүгө аргасыз болушту. (KUs)

XS
SM
MD
LG