Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:56

18:15 Оштун жаштар уюмдарына нааразы болгондор көп


Оштогу бир катар жаштар бирикмелери жана студенттик уюмдар тараткан Кайрылууда: “Ош шаардык спорт жана жаштар саясаты комитетине ири суммдагы каражат бөлүнгөн менен, иш-чараларынын натыйжасы билинбейт. А түгүл калаадагы миңдеген кыз-уландардын күн алыс басмырланган укугун коргогонго кошкөңүл мамиле жасап келатат. Ошол себептүү комитеттин төрагасы Замир Аскаровду алмаштырып, ордуна ушул тармакты өнүктүрүүгө дараметтүү жаш кадрды дайындап берүүңүздү талап кылабыз!”- деп айтылат. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Аланов жаштар комитетин улам бир структурага кошкондун кесепетинен ушундай кырдаал түзүлгөндүгүн, калаа жаштарынын Кайрылуусун кылдат териштиришээрин, эгерде сын жүйөөлүү болсо, Замир Аскаровго чара көрүшөөрүн “Азаттыкка” билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG