Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

БЕТМЕ-БЕТ: ТОО КОМИССИЯСЫ ТОЛТУРА, АТКАРЫЛГАН ИШ АЗ


“Кумтөр” алтын кенин иштетүү маселеси ушу тапта эларалык, жергиликтүү соттордо териштирилүүдө. Өкмөт менен канадалык компания ортодогу алака-катышты сот аркылуу териштирүү аракетинде жүрүшкөн чакта “Центерра Голд Инк.” компаниясынын акцияларынын баасы түшүүдө. “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары алтын кен маселелери жайында кеп кылышмакчы. Талкууга Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев, “Туран” партиясынын төрагасы Тайырбек Сарпашев катышты.

Бекташ Шамшиев: - Орозбек ага, 2007-жылкы келишимдин мурдагы келишимдерден принципиалдуу айырмачылыгы эмнеде? Анан эмнеликтен аны азыркы өкмөт жактырбай жатат? Себеп дегенде азыркы аткаруу бийлигинин келишимди парламенттен өткөрүүгө кызыкчылыгы жок.

Орозбек Дүйшеев: - Бул кенди иштетүү Кыргызстанга кандай пайда алып келет, деген суроону алдыга коюш керек. Ошонун негизинде иштеш керек. «Кумтөр» боюнча канча комиссиялар түзүлдү, кандай изилдөөлөр болду, кандай каталыктар болду? Каталыктар абдан көп. Мына кийинки парламенттин депутаты Болот Шерниязов мага 30 томдук материал топтогонун айтып берди. Эми алардын баарын чубай берсек, убакыт кете берет. Ошондуктан биз кантип пайда табабыз деген максатты алдыга коюп, 2003-жылкы келишимде биздин үлүшүбүздү төмөндөтүп койгон деген жыйынтыкка келгенбиз. Аны көбөйтүүнүн аркыл варианттарын карап, башында биздин үлүшүбүз 52% болуш керек деген чечимге келгенбиз. Ушу азырга чейин маселе чечилип калганда 66, 2 миллион акциябыз 15 доллардан болгондо эле 1 миллиард 300 миллион доллар биздин ачык компаниядагы акциябыз болмок. Бул деген чоң байлык. Бирок маселе эмдигиче бекилбей, чоң талашка түшүп калгандан мына кечээ биздин акцияларыбыз 4 долларга түштү. Ошентип биздин байлыгыбыз жок катары калды. Салыктарды көбөйтүүнүн эсебинен эле быйыл 60 – 65 миллион доллар түшмөк. Мурдагы эсеп боюнча 30 – 35 миллион. Ортодогу айырма абдан чоң. Ысыккөл облусуна 5 миллион доллар берилмек. Мындай акчаны облус эч качан ала элек. 11 жыл ичинде 1 миллион, 2 миллион доллар алган. Анын бир миллионун таппай жатабыз. Мен бүгүнкү өкмөттү түшүнбөй жатам. Ал кыргыз эли үчүн иштеп жатабы же ушинтип талаш-тартыштын үстүндө жүрө береби? Чоң оюн болуп жатат. Мени менен сүйлөшкөн тоокен боюнча инвесторлор ушундай шартта кантип иштемек эле деп отурушат. Эгер жаңы келишимде үлүштөрдү көбөйтүү боюнча чыгышса, макул болор элем. Бирок бизде баарын сөз менен эле бүтүрүп жатышпайбы. Азыркы өкмөт менен парламенттин иши менин көңүлүмө толбойт, кыргыз элине бул зыяндан башка пайда алып келген жок.

Бекташ Шамшиев: - Тайырбек мырза, 2007-жылкы келишим мурдагы парламент тарабынан жактырылбай калган эле. Кийинкисин да четке какты. Мунун себеби эмнеде? Мурдагысы саясий оюндарга азгырылат дечү элек, кийинкисине эмне болду?

Тайырбек Сарпашев: - «Кумтөр» алтын кени башталгандан эле коррупция менен коюн-колтук алып келатат. А.Атамбаевдин өкмөтү келишимди өткөрүү аракетин жасаган. Бирок биз Монголиядагы «Боро», «Гаатсурт», АКШдагы кендерде эч нерсе жоктугун көргөндөн кийин биздин үлүшүбүз аз экенин айтып, аны жарымдан өйдө көтөрүүнү айтканбыз. Мурдагы парламенттин шайланышы башка эле. Биз кокту-колоттордон шайланып, ошол округдарыбыз алдында жооп берип, өкмөткө, президентке көз каранды эмес болчубуз. Бүгүнкү бийлик партиялык тизме менен келген «Акжол» аркылуу түзүлдү. Өкмөт, президент баары «Акжол». Бир багытка кетүүгө шарт түзүлдү. Ушу кезге чейин, биз тараганга чейин жоопкерчилик бизде эле. Эми болсо өкмөттү ошол эле «Акжол» партиясынан эмне үчүн сотко берип жатат? Демек, коррупциялык схема дагыле иштеп жатат. Алып коюп, анысын соттордун колу менен, депутаттардын колу менен өздөрүнүн коррупциялык схемасын жаап-жашырып жатат. Менин азыр инвесторлорго да боорум ооруп турат. Башында коррупциялык схема менен келишкен. Берчүсүн бюджетке эмес, чиновниктердин чөнтөгүнө салышкан. Улам өкмөт алмашкан сайын коррупциялык схема уланып жатат да. Азыр өкмөт менен парламент бир. Парламент өкмөттүн мыйзам чыгарчу бир бөлүмүнө айланып калган. Анан коррупциялык схеманы улантып жатышат. Болбосо өкмөт «Центерра» компаниясын чакырып, 30% макул болбосо 50% көтөрүп коелу деп чечип койчу маселе.

Бекташ Шамшиев: - Орозбек ага, жакында өкмөт башчы И.Чудинов компания алдында акциялар өлчөмүн дагы 10% көтөрүү талабын коюша тургандыгын айтты. Сүйлөшүүлөр кийинчерээк башталат экен. Ага катышчу өкмөттүн өкүлдөрү да жаңыланары айтылууда. Мындай талапка канадалыктар макул болушар бекен?

Орозбек Дүйшеев: - Негизи коррупция биздин Кыргызстанга «Кумтөр» аркылуу келген. Ал жерди Б.Бирштейн жетектеп турган. Ал эми азыркы «Центерра Голдду» толугу менен коррупцияланган деп айтышка болбойт. Жанагы өкмөттүн 2003-жылкы токтомун коррупция десе болот. Ал эми «Центерра» түзүлгөнчө кыргыз өкмөтү менен канадалык «Камеко» экөө акционер болуп келишкен. Азыр «Центеррада» 51 компаниянын акциялары бар. Жанагы айтып жаткан 10% көбөйтөбүз дегенге мен ишене албай турам. Андай болсо жакшы болмок. Мына мен жакында иликтеп көрдүм. 11 жыл ичинде 192 тонна алтын казылып алынган. Андан 1 миллиард 300 миллиондой доллар түшкөн. Ошонун 854 миллионy бизде калган. Бул айлык акы, салык, курулуштар. Анан да 700 миллионго жакыны алган кредиттерге кеткен. Биздин үлүш 70% болчу. Ага 500 миллион доллардай акча кеткен. 1 миллиард 300 миллион доллар Кыргызстандын эсебинен кетип жатат. Бул деген түшкөн акчалардын 58% түзөт. Ал эми чет элге кеткендер, жанагы шаймандар, жер кыртышын көзөмөлгө алуу, бул 42%. Бирок бул көптүк кылат. Өткөн жылкы чечимди кабыл алсак бул сандар оңолмок. Ошондуктан бүгүнкү жасалып жаткан кутумчулуктар жакшылык алып келген жок. Кыргызстандын аброюн төмөндөтөт. Айтып атышат, бир жылда эки жолу өкмөт алмашат экен. Кантип анан биз оңолобуз?

Бекташ Шамшиев: - Тайырбек мырза, ушу тапта кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голддун» иши эларалык арбитраждык сотто каралганы турат. Эгер кыргыз соту тарабынан 2003-жылкы өкмөттүн токтомун жокко чыгарып койсо «Центерра Голддун» түзүлүшүнүн өзү мыйзамсыз болуп калат. Ушундай соттук териштирүүлөр долбоордун киийнки тагдырына өзүнүн таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Тайырбек Сарпашев: - Сот башталгандан бери акциянын баасы 4 эсе түшүп кетти. Биздин киреше 30 – 50% эмес ошол акциялардын баасында болушу керек. Соттон эч ким утуш албайт. Бирок сотту ким баштап жатат? Өкмөт дагы депутаттардын колу менен бүткөрүп жатпайбы. Өзүнө өзү сот жасап атат. «Мүйүздүү болом деп, кулактан ажырап калганы» турабыз. Маселени сүйлөшүүлөр менен чечиш керек. Бирин-бири сот менен коркутуунун өзү опурталдуу.

Бекташ Шамшиев: - Орозбек ага, мына тоокен тармагындагы толгон маселелер жыл сайын чечилбей эле келатат. Анын себеби коррупциялык схемага байланып калышындабы же бийликтин өзүнүн маселени так чечишке көңүлү жокпу?

Орозбек Дүйшеев: - Тармакты коррупцияга батырып салышты. Адистердин пикирин угушпайт. Кийинки эле үч жыл ичинде биз тоокен өнөржайын жакшыртуy боюнча 24 жолу жогорку кызматтарга кайрылыптырбыз. Бири да аткарылган жок. Эгер 2007-жылкы келишимди бекитсек көп максаттарга жетет элек. Бүгүнкү күндө акциялардын баасы 18 – 19 долларга жетмек. Ошондо биз өзүбүздөгү акциялардын 300 миллионун эле сатып жиберсек болмок. Эми эмне кыла алабыз? Түшүнбөгөндөр бакырып жатышпайбы, «Кумтөр» чыгашалуу ишкана деп. Алтындын өзүнө турган наркы 6 – 7 доллардан болду. А сатканыбыз 12 доллардан чыкты 11 жыл ичинде. Ушул чыгашабы? Энергетиканы чыгашалуу деп жатышат. Мына биздин өндүргөн электр энергиябыздын 1 киловат-сааттын наркы 4,4 тыйын болду. 63 тыйындан саттык. Кайда кетти ортодогу акча? Биздин бийликтегилер иштешпейт, талдоо жүргүзбөйт, адистерди чакырбайт.

Бекташ Шамшиев: - Тайырбек мырза, бизде экономиканы көтөрүү, өнүктүрүү боюнча оголе көп сөз айтылат. Бирок натыйжасы аз.

Тайырбек Сарпашев: - Биз ушуларды мурда айтсак, “бизге тынчтык, туруктyулук керек”, деп чыгышчу. Мына былтыртан бери тынч, жымжырт эле болуп калды. Тынчтык болду, бирок экономикада өзгөрүш жок. Мунун албетте, объективдүү да себеби бар. Адистердин болжолунда, 2015-жылга чейин азык-түлүк каатчылыгы болот. Жүгөрүдөн бензин жасала баштагандан бери ал дагы күчөдү. Мурдагы бийликти сындай эле бербестен, анын жакшы жактарын үйрөнсөк. Азыр өкмөттүн стратегиялык так багытты аныктаган максаты жок. Анын ордуна элди экиге бөлүп алып, кызмат талашып жатышат. А эл болсо кимдин ким экенин, калп сүйлөп, кошомат кылып жаткандарды жакшы билишет.

Бекташ Шамшиев: - Орозбек ага, эмне үчүн тоокен тармагындагы абал жыл санап начарлап, оңолбой келатат?

Орозбек Дүйшеев: - «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун». Биздин өкмөт адистер менен иштейбиз деп кыйкырып жатат. Кийинки өкмөттү айтайын. Быйыл кыш кыйын болгону турат. Өкмөт Каракече көмүр кенинин лицензиясын алып, аларга эч кандай жардам бербей койду. Мына Каракечеде көмүр болбойт. Мына Нарын облусунда 1 тонна көмүр 3000 сомго чыкты. Эмне кылат элибиз, кайда баратат? «Кумтөрдү» айтып жатабыз. Февраль айында түзүлгөн экен өкмөттүк комиссия. Ал эмне чечти? Бизде комиссия түзүлө берет. Кыйкыра беришет, айта беришет, бирок аткарбайт.

Бекташ Шамшиев: - «Азаттыкка» келип куруп берген мегиңиздер үчүн чоң ырахмат! Ишиңиздерде ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG