Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

8:18 Бүгүн Бишкекке ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа келери күтүлүүдө


Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун маалымат кызматы тараткан кабарга караганда Бордюжа Кыргызстанда үч күн болуп, президент Курманбек Бакиев баштаган саясий жана аскерий жетекчилер менен жолугушмакчы. Бордюжа иш сапарынын учурунда ошондой эле “Союз 2008” деп аталган ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерий-спорттук жаштар командаларынын бир аптадан бери өтүп жаткан Кыргызстандагы беттешүүлөрүнүн жыйынтыгына катышаары да белгиленген. Жамааттык уюмга төрагалык милдетти былтыр октябрдан бери бир жылдык мөөнөт менен президент Курманбек Бакиев аткарууда. Уюмга Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикистан мамлекеттери мүчө. (BuS)

XS
SM
MD
LG