Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Ж.КУРБАНОВ: КОҢШУЛАР МЕНЕН ЧЕГАРАНЫ ТАКТАП АТАБЫЗ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бул күндөрү Жалалабад облусунда кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүүдө. Эки өлкө чегарасын аныктоо иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна бул комиссиянын мүчөсү, Жалалабад облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов жооп берди.

- Кыргыз-өзбек чегарасын тактоо иштери азыр кайсы деңгээлде жүрүп жатат?

- Азыр Кыргызстан жана Өзбекстан боюнча чегаралар бүгүнкү күнү Баткен, Ош, Жалалабад облустары боюнча жүрүп атат. Баткен облусун комиссия мүчөлөрү өздөрү менен, ал эми Жалалабад облусунун комиссиялары өздөрүнчө отуруп кечээ күнү ишин башташты. Азыркы мезгилде Жалалабад облусундагы Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Алабука боюнча талаш жерлер бар. Азыркы мезгилде урунттуу болгон Алабука жана Аксы райондору боюнча кечээ иш башталды. Ал биздин жана Өзбекстандын өкүлдөрү отуруп, карта боюнча ар бир сантиметрин ченешип, сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Кечээ күнү эч кандай жыйынтык чыккан жок. Сүйлөшүү эртең да уланат, үч күн катарынан болот. Биз мындайча айтканда эң башталышында сүйлөштүк, ушул отурушта биз кичинекей жыйынтык чыгаралы, талаш жерлерди жакшы жерге коелу деген ой болду. Өзбекстан тарап дагы, биз Кыргызстан тарап дагы өз ойлорубузду айттык биринчи.

- Жалалабад облусунда жалпысынан чегарада талаштуу делген канча аймак бар. Ушул аймактардагы кырдаал кандай азыр?

- Бизде азыр мурдагы чечилген жерлер да бар, комиссия караган. Бирок негизинен кол коюлуп, ратация болбогон жерлер да бар. Кечээ күнү ошол маселелерди да карадык. Аксы менен Алабука райондорунда көп жерлер азыр чечилген эмес.

- Ошол жерлердин маселеси эми кандай чечилмекчи сиздин оюңузча?

- Биз азыр ушул маселени жеринде көрүп, эл менен макулдашып, ошол жердеги Өзбекстан, Кыргызстан тарап дагы бир бүтүмгө келип, чечишибиз керек. Ал эми биз өкмөттүн деңгээлинде Баткенге же Ошко, же Базаркоргонго, же Жалалабатка алмашышыбыз керек деп тура берсек бул маселе эч чечилбейт.

- Мына ушул соңку жылдары кыргыз-өзбек чегарасын тактоо иштери өтө эле солгундап, жай жүрүп жатканы айтылып жатат. Сиздин оюңузча бул иш эми дагы канчага чейин созулчудай?

- Мен мунун толук бүгүнкү күнү чечилет дегенден алысмын. Солгундап калды деген туура. Анткени, мурунку мезгилде негизги жеңил жерлер толук чечилип бүткөн дагы, ал эми оор жерлер өтө эле талаш болуп, мисалы бир тамдын жарымы Өзбекстанда болсо, жарымы Кыргызстанда болуп атат. Ушундай өтө кыйын жерлер калып калган. Негизи оор жерлерди чечиш өтө эле кыйын болуп жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG