Жер-суунун энчилүү аттарын чогуу эмес, бөлүп жазуу мезгилдин талабы болуп жатат, деп белгиледи мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Ташбоо Жумагулов бүгүнкү парламент отурумунда. Докладчыны кубаттоого алган депутаттар “Кыргыз орфографиясынын жаңы редакциясы” тууралуу токтом долбоорун колдоп беришти. Ага ылайык жер-суунун аттары акыркы жылдары жазылып жүргөндөй Чоңсарой, Карой, Төөашуу, Ысыккөл болуп эмес, Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Жалал-Абат, Төө-Ашуу, Ысык-Көл болуп жазылмакчы.(ZKo)