Кушбак Тезекбаевге байланыштуу кылмыш ишти кечээ беш ченде Жалалабат облустук соттук коллегиясы кароого киришти. Анда адвокат Шадыбек Омошов бир нече күбөлөрдү чакырууну өтүндү. Кушбак Тезекбаев Ош облбийлигинин каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Сеиткасым Жээнбеков менен анын адвокатынын да катышуусун талап кылды. Күбөлөрдү камсыз кылуу ишин прокурор менен адвокатка жүктөгөн облсот эмки кароо 3-июлда болоорун жарыя кылды. Өзүнүн соттолушун саясий иш деп баалаган Тезекбаев Жалалабат шаар сотунун өкүмүн жокко чыгарууну суранган. Шаар соту орусиялык гумжардамды мыйзамсыз таркаткан, кызмат абалынан пайдаланган деп, аны 5 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, бир миллион сом айып пул салган. Тезекбаев гумжардам мыйзамдуу таркатылганын, ага тиешелүү иш жалган жалаа экендигин билдирүүдө. (YA)