Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

ПЕТЕРБУРГ АЛДЫНДА БҮТКҮЛ ОРУСИЯЛЫК ЖАРАНДАР КОНГРЕССИ ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Москва Бүткүл орусиялык жарандар конгрессинин отуруму ишемби күнү, 28-июнда Петербург алдындагы Зеленогородское кыштагында конок үйүндө ачылган. Уюм уюшулгандан бери бешинчи жолку отурумга чогулушу. Кезексиз өткөрүлгөн V курултайга ар кыл 125тей коомдук жана адам укугун коргоочу уюмдардан 350дөй өкүлдөр катышып, талкуу «Орусия демократия үчүн жана диктатурага жол жок» чакырыгы астында өткөн. Аталган иш-чара жашыруун түрдө уюштурулуп эки күнгө созулду.

Кечээ (28-июнь) күнү Бүткүл орусиялык жарандар жыйынында талкуууга мамлекеттик зомбулук, атуулдардын социалдык укугунун бузулуп атышы, турак-жай маселеси, мамлекеттин динден четте болушу, кенже жана орто ишкердиктин маселелери, адамды өң-түсүнө карап бөлүп-жарууга, расизм, фашизмге каршы күрөш, сөз эркиндиги жана армияны кайра куруудагы мүчүлүштөр талкууланган. Михаил Ходорковский баш болгон саясий кине менен абакка кесилгендерди бошотуу кеби болгон.

Отурумга катышкандар арасында Бириккен атуулдук фронт лидери Гарри Каспаров, Солчул күчтөр союзунун лидери Никита Белых менен Борис Немцов, “Адам укугу үчүн” кыймылынын лидери Лев Пономарев, “Либералдык хартиянын” саясий канатынын лидери Андрей Илларионов, “Яблоко” партиясынын Петербургдагы бөлүмүнүн жетекчиси Максим Резник жана башкалар болушкан.

«Азаттыктын» кабарчысы Виктор Резунковдун билдиргенине караганда талкууга алынган башкы маселе өлкөдө бийлик үчүн күрөштө адам укугун коргоочулар менен коомдук уюмдардын жигердүү алака-катышы болгон. Курултайдын катышуучулары жалпысынан бир пикирге келе алышты:

«Курултайда адам укугун коргочулар менен саясатчылар эмне кылыш керек жана кантип максатты ишке ашыруу керектиги тууралуу бир пикирге келе алышты»

Правда.Ру интернет баракчасы «Курултайды өткөрүп аткандардын максаты өлкөдө дагы бир саясий түзүлүш уюштуруу. Бирок бул деле, куду «Башка Орусия» сыңары “жансыз” уюм болот.” деп жазып чыкты. каспаров.ру маалымат желеси Бүткүл орусиялык жарандар курултайы алкагында «демократиялык кыймылдар тарабынан саясий биригүү программасынын долбоору талкууга алынды» деген бүтүмдү айтат. Саясий серепчилердин кеби күздө өтүүчү демократтардын курултайына карата биригүү кадамдары экендигин баяндайт.

Бүткүл орусиялык жарандык конгресс 2004-жылы негизделген. Бул жылдар арасында анын үч жетекчисинин экөө: Людмила Алексеева жана Георгий Сатаров Гарри Каспаровдун солчулдар менен биргелешип «Башка Орусияны» түзүп ийгендиги үчүн оттору күйүшпөй, уюмдан чыгып кетишкен.

Бүгүнкү (29-июнь) отурумда жашыруун шайлоо өтүп, уюмга беш теңтайлаш жетекчи шайланган. Алар Гарри Каспаровдон тышкары «Беслан үнү» уюмунун жетекчиси Элла Кесаева, «Адам укугу үчүн» кыймылынын лидери Лев Пономарев, Андрей Сахаров атындагы музейдин директору Юрий Самодуров жана питердик адам укугун коргоочу Наталья Евдокимова.

XS
SM
MD
LG