Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Зимбабве президенти оппозиция менен сүйлөшүүгө барат


Африка союзунун лидерлери Зимбабве президенти Роберт Мугабени оппозиция менен сүйлөшүүгө көндүрүштү. Анын биринчи айлампасы бүгүн болушу күтүлүүдө. Африка союзунун лидерлери болсо Египетте Зимбабведеги кырдаалды талкуулашууда. Жыйынга жекшембиде ант берген Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе да катышууда. Чыр-талаш менен коштолгон шайлоонун экинчи айлампасында ал жападан жалгыз талапкер болуп, жеңишке жеткен. Оппозициянын лидери Морган Цвангирай бийликтин кысмагынан улам шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткан. АКШ болсо БУУнун коопсуздук кеңешине Мугабенин режимине каршы экономикалык жана дипломатиялык чектөөлөрдү күчөтүү боюнча резолюциянын долбоорун бергени жатат.

XS
SM
MD
LG