Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

17:30 Конституциялык сот митинг, пикеттерди чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгарды


“Кылым шамы” уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова митинг, пикеттерди чектеген Бишкек шаардык кеңеши өткөн жылы кабыл алган токтомун, андай токтом кабыл алууга шаардык кеңешке негиз берген “Борбордун өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 11 беренесин жокко чыгаруу арызы менен Конституциялык сотко кайрылган эле. Арызда мыйзам жана токтом жаңы конституциянын талаптарына туура келбегендиги көрсөтүлгөн эле. Укук коргоочулардын арызын конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова баш болгон судьялар бүгүн карап, аны канааттандырган чечим чыгарды.Азиза Абдырасулованын айтымында, конституциялык соттун чечиминен кийин Кыргызстан атуулдарынын митинг жана пикет өткөрүү укуктары калыбына келди. Эми алар бийликке маалымдама берип эле ар кандай акцияларды өткөрүүгө укуктуу. “Биздин алдыбызда эми Исхак Масалиевдин “Тынч, куралсыз митингдер жөнүндөгү” мыйзамын жокко чыгаруу милдети турат”, -деп кошумчалады Абдырасулова. Митинг жана пикеттерди чектеген бул мыйзамды парламент жакында кабыл алган. Бирок президент кол кое элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG