Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

17:06 Бишкекте “Береке” соода борборунда өрт чыкты


Бүгүн күндүзгү саат 13.30да “Береке” соода үйүндө өрт чыкты. Жалын 500 квадрат метр аянтты каптап, беш кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан дүкөндөн дээрлик эч нерсе калган эмес. Саат 14.30да өрт өчүргүчтөр тарабынан өрт толугу менен өчүрүлгөн. Адамдар арасында жабыркагандар жок. Бул, “Береке” соода үйүндөгү экинчи өрт. Былтыр апрелде чыккан өрттөн 300 квадрат метр аянт күйүп, тогуз адам жараат алышкан. Анда ал окуянын себеби аныкталган эмес. (AiJu)

XS
SM
MD
LG