Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

“УРУШТА ТУРУШ ЖОК...”


Элен Куленбекова, Бишкек Өлкөдө инфляция өсүүдө. Аны ооздуктоого бийликтин алы келбей баратат. Эгер кырдаал тезинен жөнгө салынбаса, ал көзөмөлдөн чыгып кетет деген коркунучтар айтыла баштады. Дүйнөлүк экономикадагы кризис, азык-түлүккө баанын кескин өсүшү ансыз да экономикасы чабал Кыргызстанды алсыратууда. Негизги тамак-ашка, жол киреге, газ, электр жарыгына, сууга болгон баанын көтөрүлүшү карапайым калктын нааразычылыгын жаратып жатат. Саясий аналитиктер күзүндө Кыргызстанды Аксы окуясы, “март ыңкылабына” тете дагы бир ири саясий толкундоо күтүп турат деген өңдүү жоромолдорун беришүүдө. Буга 2010-жылда боло турган президенттик шайлоого өнөктүктүн башталышы жана калктын социалдык абалынын начарлашы шыкак болчудай.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров бүгүн билдиргендей, быйылкы жылдын биринчи жарымында өлкөдө инфляция 15,2 пайызды түзгөн.

Биз январь айында эле сырткы кооптондурчу таасирлерди эске алып, конкретүү иш-чаралардын планын бекиткенбиз. Жасайбыз деген 31 негизги иштин 30ун бүтурдүк. Эми негизги күч үчүнчү-төртүнчү кварталга жумшалат. Бул пландарды ишке ашыра алсак, менимче, биз “инфяцияны” белгилүү мерчемде кармап, экономиканын өсүш темпин камсыздай алабыз.

Ушул эле күнү “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы да өлкөдөгү экономикалык-социалдык абалга баасын берди. Кыймыл бүгүнкү күнү инфляция деңгээли өкмөт айткандай 15 пайызды эмес, чынында, 20-25 пайыздык чекке келип калды, дейт.

“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын саясий кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиевдин айтымында, экономикалык кризистен чыгуу үчүн өкмөттүн учурдагы аракети суу кечпеген көрүнүш.

Азыр тезинен жана майнаптуу чаралар көрүлүшү абзел. Мен бул абалдан чыгуу жолдорун көрбөй атам. Эгер тезинен чаралар көрүлбөсө, бул цунамидей болуп ашкындап-ташкындап кетет. Мындай инфляцияны токтотуу абдан оор болуп калат, - деп эскертти А.Муралиев.

Дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризис Кыргызстанды кыйгап өтпөдү. Азык-түлүккө болгон баа күн санап өсүүдө. Алалы, жыл башынан бери Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа дээрлик 14 пайызга өстү. Бул - Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы.

“Азаттыктын” мониторинги көрсөткөндөй, негизги азык - ундун баасы эле акыркы бир айда эле 3-5 сомго көтөрүлгөн.

Айыл чарба, суу жана кайра иштетүү министрлиги быйыл буудайдын түшүмү, өткөн жылга салыштырмалуу, 1-2 пайызга көп болушу мүмкүн деген үмүттө. Бирок үшүктөн 100 миң гектар эгин талаалары жабыр тартканын эске алганда, президент быйыл буудайды бекеринен сыртка сатпоого тыюу салбаган өңдүү.

Дүйнөлүк биржаларда чийки мунай баасы да кымбаттап, өлкөдө жол кире акысы да көтөрүлдү. Электр кубатына, газга, сууга болгон баа көтөрүлүп, карапайым калк үчүн жашоо оорлоп калды. Өкмөттүн чабал экономикалык саясаты алдыңкы 2 айда маселени чече алаарына ишеним аз. Жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиев мындай абалда кыргыз өкмөтүнүн азык-түлүк каатчылыгына каршы жасап жаткан аракеттери анча натыйжалуу болбойт деген пикирде.

Өкмөт деген Кудай эмес. Дүйнөлүк жараян болуп атканда кандайдыр бир абалды тоткотуп коюга күчү жок. Ошондуктан 2 айда бир нерсеге жетише алат дегенге кыйын. Өкмөт азыр эчтеке кыла албайт.

Абал ушул өңүтүнөн жазбаса күзүндө, бир топ аналитиктер болжошкондой, саясий толкундоолор орун алышы мүмкүн. Жергиликтүү серепчи Валентин Богатырев Кыргызстанды “күзүндө” Аксы окуясы, март ыңкылабына тете дагы бир ири саясий толкундоо күтүүдө деген жоромолун берди. Анткени буга негизги эки шарт түзүлүп калды, дейт ал.

Богатырев күзгө дейре баалар төмөндөбөй турганын, андыктан социалдык – экономикалык абал мындан да начарлай турганын айтат. Буга кошумча, күзүндө өлкөдө саясий күчтөр тирешет. 2010-жылда өтүүчү президенттик шайлоого өнөктүк эмитен башталганы турат, деп билдирди серепчи. Муну Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев жакында эле түштүккө болгон иш сапарында ачыктагандай болду окшойт. Жогорку Кеңеш спикери Баткенде эл менен жолугушуу учурунда “Келерки президенттик шайлоодо Бакиевге колдоо көрсөткүлө!”, - деп чакырды.

Серепчи Базарбай Мамбетов күзүндө саясий чөйрөдо олуттуу деле өзгөрүүлөр болбойт деген пикирде. Анткени азыр ага оппозициянын дарамети жетпейт.

Биздин “оппозиция” күзүндө кыйратып жибереби- бул бүдөмүк. Анткени алардын бирөөнүн да өлкөнүн экономикалык кризистен кантип чыгаруу боюнча жетиштүү акылы жок. Ошондуктан биздин коомчулук оппозицияны жакшы деле колдоп кетпейт ко.

Анткен менен айрым серепчилер бийлик күзгө эмитен даярдана баштады деген пикирде. Муну алар пикет-митингдер жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорунда чектөөлөр киргизилгени менен түшүндүрүштү. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” муну мындайча баалады.

”Мына өлкөдө социалдык – экономикалык кризис болуп атат. Бул мыйзам - эртеңки күнү эл нааразы болуп чыкпасын деген эле кеп,” - дейт Азиза Абдрасулова.

XS
SM
MD
LG