Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

И.МАСАЛИЕВ: А.АКАЕВ КЕЛСЕ БОЛОТ, АГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЭМЕС


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Ушу тапта эс алууда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттары эл менен жолугушууда. Парламенттеги Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев Баткен, Ош облустарын кыдырып бүтүп, жакында Жалалабат облусундагы коомчулуктун өкүлдөрү менен баарлашты. Эл менен жолугушкандан кийин депутат «Азаттыктын» суроолоруна да жооп берди.

- Исхак Масалиевич, Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары эл аралап жүрөсүздөр. Сиз өзүңүз Баткен, Ош, Жалалабат облустарын кыдырып чыгыптырсыз. Жолугушкан кезде эл сиздерге кандай көйгөйлөрдү билдирип жатышат. Элдин жашоо турмуш абалы кандай экен?

- Биринчи кымбатчылык проблеманы айтып атат, экинчи бүгүн суу жетишпестиги болуп турат. Буудай, чөптөр болбой атат, малдардын басымдуу сатып атабыз деген өтө өкүнгөн тийиштүү көйгөйлүү маселелерди айтып атышат. Бирок ошол эле мезгилде Баткен тарабында, же болбосо түштүктө быйыл мөмөлүү жемиштер жакшы болуптур, калган тарабынан кыйналып калышты. Түштүктө айтып атат биздин Коммунисттер дайыма айткан биринчи талап пенсиябыз татыктуу жашоого жетпей атат. Эмгектенип аткан адамдарга эмгектениш таткытуу жыйынтык алганга жетишпей атабыз дейт. Ошол эле мезгилде коомдогу мамлекеттик башкаруу системасында коррупция күчөп атканы айтылып атат. Бул чоң проблема болуп турат.

- Айыл чарбасына берилген өкмөттүк жардамга калкын мамилеси кандай?

- Адамдын мүнөзү ушундай экен, жардам болсо деле ал тез эле унтулуп калат экен. Бирок жетиштүү жардам болгон деле эмес айыл чарба министрликтен. Трактор берилген бул жакшы. Бирок ага акча төлөш керек. Кандай болсо дагы бул чоң жылыш. Бир эсептери менен адамдардын түшүнүктөрү боюнча илгерки мезгилдегидей болуп атат, тракторду бизге бекер берсе жакшы болот эле деп. Же мурдагыдай жакшы сунуш берип атат, балким ар бир райондо мурун болгондой МТС станцияларды куруп койсок абдан жакшы болот эле. Ошондо бирөөнүн көзүн карап турбайбай график менен айдоо, жыйноо мезгилде өткөрсө болот эле. Ушундай деп айтып атышат. Жер семирткичтен, же ГСМден жардам болгонун мен уккан жокмун.

- Элдин бийликке жана өкмөткө болгон көз караш мамилесин байкай алдыңызбы?

- Ар түрдүү. Жердешчиликке таянган көпчүлүк жакшы эле түз мамиле кабыл алып атат, бул убактылуу кыйынчылык деген түшүнүктөр болуп атат. Бирок жалпы эл бүгүнкү күндө президентти колдойт. Ошол эле мезгилде президенттин тегерегиндеги кызматкерлерге күндөн-күнгө капа болушу сезилип атат. 2005-жылы революция болгондон кийин турмуш өзгөрүлүшү керек эле. Өзгөрүш көп болгон жок. Талалык, кичине ачыктык, жылыштар болду, экономика жагынан өсүш бар, бул жерден сезбесек деле жөнөкөй эле цифра айтылат, мисалы 2000-жылы биздин бюджетибиз 11 млрд. сом болсо, быйыл 45 млрд. сомго чыгып атат. Албетте бул бир эле президенттин, депутаттардын эмгеги эмес, жалпы коомдун жана жөнөкөй адамдардын эмгеги биринчи кезекте. Негизи менимче жакшы эле маимле болуп турат. Өзгөчөлүк бар да, шайлоо, президент, депутат, министр деген кимди кызыктырат. Көп болсо коомдун 20 пайызын, калган 80 пайызга барыбир. Талаада дыйканды токтотуп ким президент, ким депутат десең иши жок. Ошондуктан саясатка киришкен 20 пайыздын арасына айта алам, булардын көпчүлүгү бүгүнкү жетектеген президентти колдоп атат, ал эми министрлер, губернаторлорду билбейт.

- Күзүндө абал оорлошот окшойт деп айттыңыз? Ага жүйөөлү себептер барбы?

- Негизинен мен талааларды, түшүмдөрдү көрүп, өзүнчө өкүнүп атам. Себеби буудайды, пахтаны, семичкени, жүгөрүнү көрсөңүз, суу жетишпей соолуп турат.

- Саясий жактан да кырдаал курчуп кетиши мүмкүнбү?

- Саясий жактан мен айта албайм. Бирок ушул оор кырдаалды пайдаланганга күчтөр табылат.

- Сиз айткан опурталдуу окуялардын алдын алууга болобу?

- Бүгүнкү күндө айыл чарба министрлигин, акимдер, губернаторлор жомокторду айтпаш керек, 30-40 центнер гектардан түшүмдөрдү алабыз деп президенттин башын айландырбай, калп айтпаш керек. Экинчиден ачык эле айтыш керек, бизде ушундай коркунучтар бар деп. Президент энергетика боюнча аз-маз кыйынчылыктар болот, суу жетишпей атат деп ачык эле айтып атат. Суу бербесең жер кургап кетет, суу берсең кыштын күнү энергия жетпей калат. Мен ойлоп атам парламент, президент, өкмөт күздө чоң кадам кылышыбыз керек чыгашаларды кыскартканга, максималдуу кыскартышыбыз керек.

- Жообуңузга ырахмат!

XS
SM
MD
LG