Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

18:00 Нарын районундагы селден бузулган суу каналы дагы деле толук иштей элек


Мындай маалыматты Нарын районундагы Миңбулак айыл өкмөт башчысы Жыргалбек Өмүралиев билдирди. Анын маалыматы боюнча жазгы селден жети жери жырылып, ичи ылайга толуп калган тогуз чакырым узундуктагы канал толук ишке берилбей жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бөлүнгөн 5 тонна күйүүчү майлардын дагы 3 тоннасы бериле элек. Натыйжада 209 метр аралыктагы канал бүтпөй турат, дейт Жаргалбек Өмүралиев. Бирок мындай маалымат менен Нарын районунун акими Ишенбек Медетов макул эмес. Аким Ишенбек Медетов каналды калыбына келтирүү жумуштары толук аяктагандыгын, бирок 3 тонна күйүүчү майдын кечиккендигинен атайын дренаж казуу жумуштары үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда тургандыгын билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG