Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

18:30 Ысык-Көлдө Казакстанга кетчү жол салына баштайт


Ысык-Көл облустук администрация башчысынын биринчи орун басары Калыбек Алышпаевдин айтуусу боюнча, 15-июлдан баштап Түп-Кеген жолун оңдоо башталат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 158 миллион сом бөлүнгөн. Бул жолду куруу үчун атайын тендерди утуп алган Казакстандагы Болгариянын фирмасы учурда Талды-Суу айылына шагылды кайра иштетүүчү завод ачты. Быйыл заводдун жардамы менен 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, кийинки жылы Каркыра жайлоосуна дүң соода жүргүзүү боюнча чоң базар ачылат. Ал үчүн Казакстандынн Талдыкурган облусунун Райымбек району менен Ысык-Көлдүн Түп району чектешкен жерде ыңгайлуу жер каралып жатат. (RB)

XS
SM
MD
LG