Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

07:12 Ө.Текебаев: “Саясий партиялар” жөнүндөгү жаңы мыйзам партиялардын өнүгүүсүнө тоскоол болот


“Саясий партиялар” жөнүндөгү жаңы мыйзамга киргизилген эки норма Кыргызстанда саясий конкуренциянын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”. Анын айтымында, партияларды мамлекеттик каржылоо жана саясий партиялардын мүчөлөрү беш миңден кем эмес уюм гана саясий партия катары каттоодон өтөт деген норма өткөөл учурда саясий партиялардын өнүгүүсүнө кедерги болот. “Бул демократияга каршы Кыргызстанда саясий куугунтуктоонун мехнизми болуп калат”,-деди Текебаев. Ал ошондой эле коомчулукта айтыла баштаган “күзүндө саясий күрөшкө чыгууга Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов биригишүүгө кол алышты” деген кепти төгүнгө чыгарды. (AJ)

XS
SM
MD
LG