Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

17:43 Чөптүн аздыгынан жана кургап кетишинен улам Баткен жайлоолорунан мал эрте түштү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен шаар башкармалыгынын ветеринар инспектору Алишер Маканбаев 23-июлда билдирди. Маалымдоодо Баткен районуна караштуу тоолордогу жайыттардын чөбү кургакчылыктан жана малдын көптүгүнөн аянты кескин кыскарып, жайлоого чыккан ири мүйүздүү малдын эки жарым миңден ашууну кайра түшүрүлүп келинди. Учурда жайыттарда отурукташкан малчыларга Баткен райондук акимчилиги жана тийиштүү мекеме ишканаларынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Август айында Баткен жайыттарын дагы ири жана майда малдын дээрлик бөлүгү түшүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу тоюттун баасы кескин өсүүдө. Мисалы, бир жүк ташуучу автоунаанын буудай саманынын баасы 10 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен билдиришти.(SA)

XS
SM
MD
LG