Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Иран атомдук программасынан бир да кадамга чегинбейт


Бул тууралуу президент Махмуд Ахмадинежад билдирди. Ишембиде дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү Тегеранга ядролук иш-чараларын токтотуу үчүн 2 жума берген. Андай болбосо, Иранга каршы жаңы санкциялар киргизилмекчи. Ошол эле маалда Ахмадинежад соңку сүйлөшүүлөргө америкалык жогорку даражалуу өкүлдүн катышканын “позитивдүү алга жылуу” деп баалады. Президенттин ырастоосунда, бул – Ирандын атомдук технологияларга ээ болуу укугун таануу аракети. АКШ жана 5 дүйнөлүк держава Иран уран байытуудан баш тартса, өлкөгө финасылык жана дипломатиялык жардам берилээрин убада кылышкан.

XS
SM
MD
LG