Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

ЧЕТ ЭЛДИК ИШКЕР ОРУСИЯДАН ЧЫГЫП КЕТҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Орусия-британиялык биргелешкен “ТНК-Би-Пи” нефти компаниясынын жетекчиси Роберт Дадли Орусияны таштап чыгып кетти. Эми ал компаниянын ишкердигин чет өлкөдө жашап туруп башкармак болууда. “ТНК-Би-Пи” маалымдоо кызматы таркаткан жарыяда, Дадли кызматын ушундай жагдайда башкарууга укуктуу. Орусиянын федералдык миграциялык кызматы, Дадлинин визасын «корпорациялык маселелерди чечүү үчүн» 29-июлга чейин гана созуп, андан ары узартпай койгон. Компаниянын орусиялык акционерлери аны кызматтан кетирүү максатында аракет жасашуда, а Дадли кызматынан четтегиси келбей жатат дешет.

24-июль күнү “ТНК-Би-ПИ” жетекчиси Роберт Дадли Орусиядан кетип атып, анын ишкердиги болуп көрбөгөндөй кысымга учурап, анын компаниясы көптөгөн текшерүүлөргө, бөйрөктөн-шыйрак чыгарууларга туш болуп, андан тажап болгонун айткан. Анын чыныгы себеби, эки мамлекет акционерлери биригип түзгөн карамай саачу ишкананын эки жаат болуп араздашуусу болгонун анализчилер белгилешет. Акциясынын Лондон тарапка 50 пайызы, Маскөө тарапка 50 пайызы тиешелүү болгон ишкананын ич ара оту күйүшпөй калышы, чындыгында, Орусиялык бийликтин кийлигишип атышы дешет кайсы бир талдочулар.

Орусиялык консорциум “AARдын” жетекчиси Стэн Половец, журналистер алдында мындай деди:

- Дадли “ТНК-Би-Пини” өз менчигиндей кармап келет. Ошол себептен орусиялык акционерлер анын кызматында кала берүүсүн каалашпайт.

«Коммерсант» жазганга караганда, “Дадлинин четке кетиши орусиялык акционерлерге компанияны көмүскөдө башкарууга жол ачып берет. Эми ал компания орусиялык бийликтин жинине тийип албайлы деп жерден карамай саашын мурдагы басыгынан кемитпеши керек.”

Эки өлкөнүн акционерлери ортосунда кагылыштын эл аралап жайылып кетиши бекеринен эмес экенин кайсы бир талдоочулар айтышат. Ал эми “ТНК-Би-Пи” директорлор кеңешинин төрагасы Питер Сазерленд болсо, акционерлер ымаласынын иришине, «орусиялык бийлик күнөөлүү, алар акыры компанияны өзүнө тартып алуу үчүн ушундай аракет жасап атат»,- деген.

7-июлда чоң сегиздиктин саммитине катышып жатып президент Дмиртий Медведев, бул кармаш боюнча Улуу Британия премьер-министри Гордон Браунга айткан жообунда, «бул ишке мамлекет кийлигишпейт»,- деген. Ошого карабай орусиялык акционерелердин колтугуна суу бүрккөндөр, дал ошол, Кремлди аркалаган күч болуп атканын экономикалык талдоочу Евгений Ясин айтат:

- Эгерде Би-Пиден тажап болдум, иштен кетүүгө даярмын деп, өзүнө тиешелүү акциясын жарым-жартылай же бүтүндөй сатмак болсо, анда, андай соодага «Газпромдун» кызыгусу болор эле.

XS
SM
MD
LG