Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

А.Насирдинов: Ысык-Көлдөгү туристтердин саны өткөн жылдан аз


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ушул күнгө чейин Ысык-Көлгө 1 млн го жакын киши келип эс алып кеткен. Эс алуу мезгили азыр да кызуу жүрүп жаткан учур. Буга байланыштуу биз Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары биримдигинин президенти, “Акбермет” пансионатынын жетекчиси Акжолтой Насирдинов менен пикир алышмакчыбыз.

- Акжолтой мырза, саламатсызбы? Жогоруда айтылган маалыматты тактоо үчүн айтып кетсеңиз, быйылкы жылы Ысык-Көлгө эс алууга келгендер былтыркыга караганда көбүрөөк окшойт?

- Быйылкы эс алуу мезгилинде Ысык-Көлгө келип эс алган туристтер өткөн жылга караганда аз болуп жатат. Буга Казакстандагы экономикалык кризис таасирин тийгизип аткан окшойт.

- Өткөн жылдары сырттан келген туристтер менен кошо эле жергиликтүү эч алуучулар да пансионаттарга жолдомо акысы менен андагы тейлөөнүн айырмасы чоңдугун айтып нааразы болуп атышты эле. Өзүңүзгө белгилүү мунун ичинде эс алуучу жайлардагы тамак-аштан тартып, санитардык абалга чейинки мүчүлүштүктөр айтылган. Өлкөнүн туризм министрлиги сиздер менен кошо бир топ иш-аракеттерди жасады эле, бирок нааразы кептер ушул тапта деле айтылып жүрөт..?

- Мындай мүчүлүштүктөр болуп келген, боло берет экен. Анткени элдин талабы жыл өткөн сайын өсүп жатат. Көл жээгиндеги пансионаттар эс алуучулардын бардык талаптарын эске алып, аларды канааттандырууга колдон келген аракеттерин жасап, эс алуу жайларын заманбап абалга алып келүүгө умтулуп жатышат. Бирок ошентсе да айрым пансионаттар тарабынан оркойгон мүчүлүштүктөргө жол берилип калып жатат.

- Жогорку кеңеш тарабынан эс алуу жайларында сууда жүрүүчү мотоциклдерди колдонууга тыюу салынган эле. Бирок жакында өзүбүз күбө болдук, Өзбекстанга тиешелүү болгон “Алтынкум” эс алуу жайынын көл жээгинде суу мотоциклдери ижарага берилип, иштетилип эле жатат. Ошол эле учурда бул пансионатта эс алуучулардын арасында жаш балдардын көп болору белгилүү. Бул көрүнүш коопсуздук жагынын эске алынбай жатканы менен чогуу эле айрым эс алуучу жайлар мыйзамдарды аткарбай жатканын ачыктап тургансыйт..?

- Бул маселе туура. Бирок суу мотоциклин көл үстүнө иштетпөө керек деген да туура эмес деп ойлойм. Дүйнөнүн бардык жеринде эле мындай техникалар иштеп эле келатышпайбы. Эми ал жакта океан чоң болуп, билинбей атса керек, бизде көл кичинекей болуп жатат. Биздин Бостери аймагындагы пансионаттарда жаштар көп эс алгандыктан, аларга ылайыкталып, суу мотоцикли сыяктуу техникаларды ижарага берилет. Бирок бул техникаларды ыгы менен, шартка тууралап пайдаланса жакшы болмок.

- Өткөн жылы мына ушул суу мотоциклдеринин айынан бир топ кырсыктар болуп, бир нече кишинин өмүрүн алып кеткен учурлар катталды эле. Сиз айткандай мындай кооптуу техникаларды ижарага берип, жаштарды тартууда эс алуучу жайлар жок дегенде жээктен алыс жерлерде иштетүүгө аракет кылышса жакшы болмок.. Акжолтой мырза, сизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG