Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

AMNESTY INTERNATIONAL: КЫТАЙ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫН ЖАКШЫРТКАН ЖОК


Кубат Чекиров, Прага Олимпиадалык оюндар башталаар алдында Кытайда адам укуктары боюнча кырдаал жакшырган жок. Кытай адам укуктарынын абалын жакшыртуу жөнүндө убадасын аткарбай, олимпиадалык оюндардын баркын кетирген жолдо баратат. «Эл аралык мунапыс» (Amnesty International) уюму бүгүн ушундай билдирүү таркатты. Аталган уюмдун маалыматы боюнча Кытай бийлиги укук коргоочуларды басып-басмырлап, камап жазалоону улантып, маалымат каражаттарынын эркин иштешине мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Кытай олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугун жеңип алып жаткан чакта өлкөдө адам укуктарынын абалын жакшыртууну, маалымат каражаттарына эркиндик берүүнү убада кылган. Бирок Кытай бул убадасын аткарбай, олимпиадалык оюндардын наркын кетиришти, дейт эл аралык укук коргоочулар. Кытай бийлиги реформаны талап кылган активисттерди түрмөгө камап жазалоону, вебсайттарды жаап, эркиндикти чектеп, адам укуктарын басмырлоону улантып жатат.

"Тилекке каршы, биздин бүтүм ушундай, Кытай бийликтери адам укуктарын сактоо жөнүндө берген убадаларын аткарган жок”,- деди «Эл аралык мунапыс» уюмунун Азия аймагы боюнча өкүлү Марк Эллисон.

«Эл аралык мунапыс» уюму таркаткан баяндамада Кытайда укук коргоочулар менен көз каранды эмес журналисттерди тумчуктуруу, мыйзамсыз кармоо, сот чечимисиз оор жумуштарга чегүү тууралуу азайбай жаткан фактылар келтирилген.

Мисалы, Бээжинде май айында полиция кармаган адамдарды шаардан алып чыгып оор жумуштурга чегүү жөнүндө токтом чыгарган. Июнда Шанхайдын бийликтери укук коргоочу активисттерден ар жумада полицияга катталып турууну талап кылышып, олимпиадалык оюндар аяктагычтакты Бээжинге барууга тыюу салышкан. Эң олуттуу маселе, Кытай өлүм жазасын кандай колдонуп атканы боюнча статистикалык маалыматтарды жашыруун кармап келатат.

Эл аралык укук коргоочу уюм ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарын матаган цензура жана интернет сайттарга көзөмөл кылуу дагы жоюлбай жатканын белгилешти. Кытайдагы чет элдик кабарчылар клубунун маалыматтары боюнча 2007-жылы чет элдик кабарчыларга бийлик тоскоолдук жасаган 180 учур катталса, 2008-жылдын биринчи жарымында эле бул көрсөткүч 260 чыгып кеткен. «Эл аралык мунапыс» уюмунун өкүлдөрүнүн айтымында, олимпиадалык басма сөз борборунда иштеп аткан журналисттер өздөрү каалаган веб сайттарга кире албай кыйналышкан.

«Биз чет элдик жана жергиликтүү бардык маалымат каражаттарынын мыйзамдуу жана эркин иштешин камсыз кылууга өкмөттү чакырып жатабыз. Биз ошондой эле өлүм жазасын алып салуу жана анын статистикасын ачык-айкын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен Кытай бийлигине кайрылдык»,-деди Марк Эллисон.

«Эл аралык мунапыс» уюму Кытай бул талаптарды орундабаса анда Олимпиада оюндарынын баркын кетирген жаманатты кепке калат деп эскертти. Марк Эллисон олимпиадага барууга камынып мамлекет башчыларын Кытайдагы адам укугунун басмырлоо фактыларына көз жумду мамиле кылбоого чакырды.

Бирок Кытай эл аралык сын-дооматтарга карабай өз билгенин жасай берчүдөй көрүнөт. Кытайдагы турак жай укуктарын коргоочу белгилүу активист Юлиан Ни 4-августта сот жообуна тартылары жөнүндө бүгүн келген жаңылыктарда айтылат. Ни апрель айында жаңы курулуштар үчүн анын үйүн буза турган болгон шаар бийликтерине моюн сунбай койгондо камакка алынган болчу.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги «Эл аралык мунапыс» уюмунун сын-дооматтарын бүгүн четке какты. Министрликтин өкүлү Лю Жианчао Кытайды билген адамдар эч качан Мунапыс уюмунун бүтүмдөрүнө макул болбойт деп айтты.

XS
SM
MD
LG