Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

КАЧКЫН БУЛАТОВ: ИШИМ АК ЭКЕНИН БИЛЕМ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Качкын Булатовго “Де-факто” гезитине жарыяланган чуулуу макаланы жазууну уюштурган деген айып тагылды. Ага Биринчи Май РИИБ тарабынан кылмыш-жаза кодексинин отузунчу жана 329-беренесинин негизинде айып коюлган. Качкын Булатов буга чейин “Де-факто” гезитине карата козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп келген. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

-“Де-Факто” гезитине байланыштуу сизге дагы айып тагылыптыр. Анын себебине кыскача токтоло кетсеңиз?

- Мындай болгон. “Де-факто” газетасы мүшкүл ишке кабылып калганда, мен “Азаттыктан” угуп алып башкы редактор Чолпон Орозобековага Кочкордон өзүм чалгам. Мага бир аял келген, мен өңүн тааныйм. Балким тергөөгө жардам беремби деп өзүм күбө катары келип, эми күбөдөн күнөөкөргө айланып калдым. Кечээ Биринчи май райондук соту мага кайра уюштуруучу деп айып коюп, 30-статьянын 3-4-беренси, анан 329-статьянын 2-беренеси менен мага уюштуруучу деген күнөө коюп атышат.

- Сизди жалган маалыматты жазууну уюштурган деп атышабыз?

- Ооба. Уюштуруучу деп коюп атышат статьяны.

- Качкын мырза, сиз мурда Замира Молдоева аттуу келинди таанучу белеңиз?

- Жок, бул келинди мен апрель митингинде көргөм, өңү тааныш болчу. Бирок сүйлөшүп көргөн эмесмин. Быйыл май айынын аягында мага өзү келип күбөлүгүн көргөзүп, Бишкек салык инспекциясында иштейм, менде аудио-видео жана кагаз документтер бар, далилдер бар деп айтканынан, мен ага жөн гана арызын кыскартып, анан кеңеш бергем, ушул гезит аркылуу бергиле деп. 3-4 гезиттин атын айткам, анан “Де-фактого” барып берген экен.

- Сиз ошол келинди таап берем деп мурда бир тергөөдө айтпадыңыз беле. Аракет кылдыңызбы?

- Мен аракет кылдым. Аракет кылганым менен такыр таба албайм. Бирок угуп эле атам, салык инспекция жагында иштейт, Молдоева Замира деген бар деп. Бирок өзүм таба албай койдум. Анан өткөндө мени суткага камабады беле. Ошондо мен түшүндүм, бул өзүнчө эле бир бийликтин заказы, атайын чагым. Качкын Булатов коомдук парламентте, оппозицияда болгондон кийин, оппозициянын колу менен ошол эле оппозициялык гезитти жаптырыш керек деген ой менен өзүлөрү атайын чагым кылып, атайын операция даярдашканын түшүнүп атам.

- Акаевдин учурунда укук коргоочу Турсунбек Акунду дагы коопсуздук кызматы менен байланышта, кой терисин жамынган карышкыр оппозициянын арасында жүрөт деген кеп таркаган эле. Анын сыңарындай эл арасында Качкын Булатов дагы коопсуздук кызматы менен кызматташып жатат деген божомол сөздөр чыга баштады. Буга сиздин жообуңуз кандай?

- Эгер андай болсо, мен күбөдөн кайра уюштуруучу болуп, атайын заказ аткарып, түрмөгө жатып, өзүмдүн канча жылдан берки атымды булгап эмне башыма күч келди. Себеби, мен Турсунбек Акундай болуп кызматка эч качан бара албайм. Анткени менин өзүмдүн жашым дагы алтымышка келип калды. Менде чоң кызматта иштейин же акча издейин дегендей максат жок. Ошондуктан мен үй-бүлөмдү жана өзүмдүн атымды такай таза алып жүргөнгө аракеттенем. Мен эч качан сатылып, кайра өзүмдү күнөлүү кылып түрмөгө жата тургандай иш жасабайм.

- Акыйкат үчүн кыймылында, коомдук парламентте мүчө болуп жүрөсүз. Мына ошол кыймылдар сиздерди колдоо боюнча кандайдыр бир чара көрүшөбү же өзүңүз менен өзүңүз болуп атасызбы?

- Мен камаларым менен коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев жана 25 киши чогулушуп, “Аалам” аркылуу кайрылуу жазышкан, мени колдоого. Алар өзүлөрү бардык бул иш тууралуу пикир алмашып, бул жалган иш экенин билишип, жактоочу менен сүйлөшүп анан кайрылуу жазышкан. Дагы дэле колдоо көрсөтүшөт деген ишенимдемин. Себеби, мен өзүмдүн ишимдин ак экенин дайыма сезем.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG