Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

10:50 1-августта республика боюнча эки жүздөн ашуун ар кандай кылмыш катталды


Алардын жүз элүү алтысынын бети ачылды.Бул тууралуу билдирген ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өткөн суткада 12 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон. 11 адам жаракат алган. 1-авустта эртең менен саат сегиз жарымдарда Ат-Башы районунун Бишкек-Торугарт автожолунда Кытай Эл Республикасынын жараны Талат Кайсаержан айдаган Стеер Р03850 автоунаасы ВАЗ-2106 жеңил автунаасы менен кагылышкан. Жыйынтыгында Казыбек айылынын тургундары, “Жигулинин” айдоочусу К.Кожониязов менен жүргүнчү Т.Кожониязов кырсык болгон жерде жан берген. Эки жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген. (AJ)

XS
SM
MD
LG