Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

13:30 Журналисттерди өлтүргөн деп айыпталган Ринат Казакбаев өмүр бою түрмөгө кесилди


Мындан тышкары Ринат Казакбаев өзү өлтүргөн “Вечерний Бишкек” гезитинин Ысык-Көл аймактык кабарчылары Юрий жана Ангелина Александровдордун туугандарына 1 млн сом моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечимди бүгүн Аламүдүн райондук соту чыгарды. Айыпталып жаткан Ринат Казакбаев акыркы сөзүндө жаш баласы, карыган ата-энеси бардыгын эске алып, өзүнө күнөөсүн жууганга мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүндү. Жоопкердин жактоочулары соттун чечими менен макул эместигин билдирип, жогорку сот бутагына апеллциялык арыз жолдой тургандыгын маалымдашууда.
Спорт чеберлигине талапкер Ринат Казакбаев журналисттердин үйүндө батирде турган. Үстүбүздөгү жылы 21-мартта ал Юрий жана Ангелина Александровдорду эки жума мурда өлтүрүп, өзүнүн ата-энесинин үйүнө бетондоп салгандыгын мойнуна алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG