Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

14:30 Иш убагында кырсыктоо фактылары көп каттала баштады


Мамлекеттик эмгек инспекйиясынын жетекчисинин орун басары Владимир Томченконун маалыматы боюнча өткөн жылы өндүрүштө болгон 240 кырсык катталып, андан 26 киши каза тапкан. Быйылкы алты ай ичинде эле бул көрсөткүч эки эсе көп санды көрсөттү. Жарым жыл ичинде иш убагында кырсык болгон 260 учур катталган. Анын айтуусунда мындай кырсыктар жумушчулардын шалаакылыгынан жана жумуш ордун талапка ылайык коопсуз түзүп бербеген жетекчилердин айынан көбөйүүдө. Бирок иш убагындагы кырсыктоолордун саны чынында мындан да көп, бирок жумуш ээлери менен жумушчулардын ортосунда алдын ала түзүлгөн келишимдин жоктугу мындай кырсыкка кабылган жумушчулардын укугун чектөөдө. Кээ бир учурларда мындай кырсыктоолордун көпчүлүгү сыртка чыгарылбай ич ара бүткөрүлөт, дейт Владимир Томченко.
КР эмгек кодекси боюнча мындай кырсыктан кийин жумушчуга майыптык берилсе ага жумуш берүүчү компенсация катары бир нече жылдык эмгек акысын төлөп берүүгө милдеттүү. 1-топтогу майыптык үчүн 10 жылдык, 2-топтогу майыптык үчүн 5 жылдык, ал эми 3-топтогу майыптык берилсе 3 жылдык эмгек акысы төлөнүп берилет. Мындан тышкары жумуш ээси өзү 20 жылдык эмгек акынын өлчөмүндөгү жаза айыпка жыгылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG