Өз романдарында советтик сталиндик эмгек лагерлердеги азаптуу жашоону чагылдырган, 20 жыл чет өлкөдө бозгунда жашаган жазуучу Александр Солженицын кечээ (жекшембиде) 89 жаш курагында дүйнө салды. 1970-жылы Адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыган “ГУЛАГ архипелагы” романынын автору Москва облусунда жүрөк оорусунан көз жумду. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев маркумдун үйбүлөсүнө көңүл айтты. Премьер-министр Владимир Путин болсо “Солженицындин өлүмү бүтүндөй Орусия үчүн оор жоготуу” деп билдирди.