Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

16:30 ИИМ: Курал-жаракка байланыштуу АКШ жарандары кармалган жок


ИИМ министринин орун басары Темиркан Субановдун бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргени боюнча көп өлчөмдөгү курал-жарак менен кармалган америкалык жарандар кармалган жок. “Алардан оозеки түрдө курал-жарактар кимге тиешелүү экендигин сураганбыз. Бирок кармап же камакка алуу болгон жок. Ал жерде АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин эки кызматкери да болгон,” дейт министрдин орун басары. Анын айтуусунда америкалык жарандар ижарага алып жашап жаткан үйгө курал апкелинип жаткандыгы тууралуу милицияга оперативдүү кабар келип түшкөн. Буга байланыштуу ишти ИИМ Башкы прокуратурага өткөрүп берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG