Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

МАГАТЭнин жетекчисинин орун басары Тегеранга келди


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчисинин орун басары Олли Хейнонен бүгүн Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү үчүн эки күндүк иш сапары менен Тегеранга келди. Сүйлөшүү учурунда БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жана Германиянын сунушу талкууланар-талкууланбасы азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, буга чейин Британия, Германия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция эгерде расмий Тегеран уранды байытуу иштерин токтотсо, анын ордуна экономикалык жана саясий жеңилдик көрсөтүүнү убада кылышканы камар агенттиктери тарабынан айтылган. Бирок Орусия тарабы мындай жалпы макулдашылган сунуш жок деп билдирди. АКШ эгерде Иран өзөктүк программасынан баш тартпаса, катаал чектөөлөрдү киргизерин эскертип келет.

XS
SM
MD
LG