Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

А. КАЛМАМАТОВ: МОСКВАДА СОГУШТУК АБАЛ БОЮНЧА ДОКУМЕНТТЕРДИ ДАЯРДАЙБЫЗ


Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Жогорку Кеңештеги “Ак Жол” фракциясынын жетекчисинин орун басары Ажибай Калмаматов кечээтен (15-август) бери КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү менен Түштүк Осетиялык качкындар жашаган жайларды кыдырууда. Владикавказ шаарынан Ажибай Калмаматов “Азаттыкка” телефон аркылуу чакан маек куруп берди.

“Азаттык”: Сиз азыр Владикавказ шаарындасызбы?

А. Калмаматов: - Ооба, Москвадан Владикавказга учуп келгенибизге төрт саат болуп калды. Цхинвалиге эртең эрте жөнөйбүз. Бүгүн бул жерде ооруканада жаткандарды көрдүк. Орто кесиптик окуу жайлардын имаратында, мектептерде, чиркөөдө жайгаштырылган качкындар менен сүйлөштүк, алардын ал-акыбалы менен тааныштык.

“Азаттык”: - Качкындардын абалы кандай экен?

А. Калмаматов: - Жетисинен сегизине караган түнү саат он бирден жыйырма мүнөт өткөндө айылдарында аткылоо башталыптыр. Онуна чейин ар кайсы жер төлөлөрдө жатышып, онунан баштап Орусиянын аскерлери бул жакка алып келип жайгаштырыптыр. Булар аскердик абалда жашап жатышат. Эркектери эки күндөн бери жашаган жерлерине кайтып барып, айнек терезелерин салып, картон, фанера кагып, сентябрда окуу башталганга чейин аракет кылып жатышыптыр. Бул жерде аялдар менен жаш балдар калыптыр. Эртең Цхинвалиге барып талкаланган жерлерде кандай иштер жүрүп жатканын жеринен барып көрүп, ооруканадагалардын ал-абалы менен таанышабыз.

“Азаттык”: - КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын алдында түзүлгөн депутаттык топтун курамында Кыргызстандан башка дагы кайсы мамлекеттердин депутаттары жүрөт?

А. Калмаматов: - Белоруссия, Казакстан анан КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын баш катчысы Михаил Кротов баш болгон беш-алты адам жүрөт. Негизен бул жерде үч мамлекеттин өкүлдөрү барбыз.

“Азаттык”: - Барып кыдырып келгенден кийин, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алып, билдирүү жасасаңыздар керек?

А. Калмаматов: - Келгенден кийин Москвада чогулуп, мониторинг жүргүзгөн иштерибиз боюнча чечимдин долбоорун, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеасынын документин даярдайбыз.

XS
SM
MD
LG