55 кг. салмакта Бээжин олимпиадасынын чемпиондугун америкалык балбан Хенри Кудзо финалда жапон Тамхиро Махкатцини 2:0 эсебинде утуп алды. Коло медалдын ээлери болгариялык Радислав Великов менен орусиялык Рефик Кудихов болушту.
Кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган 60кг. салмакта Базар Базаргуруев биринчи беттешүүсүн албаниялык балбан, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Сахид Бридзурин менен өткөрүп, аны 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алган.
Экинчи мелдеште Европа чемпионатынын жеңүүчүсү украиналык Василий Федоршинге эки упай айырма менен жеңилип калды. Ал эми түштөн кийинки коло байге үчүн талапкерликке чыккан беттешүүдө Базар америкалык Мики Задикти 2:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Олимпиадалык коло медаль үчүн килем үстүнө төртүнчү ирээт чыккан Базар Базаргуруев 24 жаштагы жапон балбаны Кениши Ямото менен күч сынашты. Таймаштын эки мезгилинде тең Кениши Ямото артыкчылык кылып 3:0 эсебинде кыргызстандык балбанды утуп, коло медалды тагынды. Экинчи коло байгени болсо ирандык Сеитмухамад Махамади жеңип алды.
Ал эми 60 кг. салмакта Бээжин олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн финалда орусиялык Мавлед Батиров менен украиналык Василий Федоршин беттешип, орусиялык балбан чемпиондук наамга ээ болду.
Эртең 20-августта эркин күрөш боюнча 74 кг. балбандардын мөөрөй талашуусуна Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Сидней олимпиадасынын күмүш медаль ээси Арсен Гитинов катышат. Анын алгачкы аттандашы польшалык Кристин Грузовский болот.