Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

14:55 26-август аза күтүү күнү деп жарыяланды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев «Жүргүнчүлөрдү ташыган “Боинг-737” учагынын кыйрашынын кесепетинен каза болгондорго Кыргыз Республикасында 2008-жылдын 26-августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда 24-августтун кечинде эл аралык “Манас” аэропортунан алыс эмес жерде болгон авиакырсыктын кесепетинен Бишкек-Тегеран авиакаттамы боюнча бараткан “Боинг-737” авиалайнери кыйрап, ал Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин бир канча жарандарын өлүмгө алып келгендиги, бул кырсыкта жапа чеккендерге кечиктирилгис жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгы туурасында айтылат. Ошондой эле өлкө президенти курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Жардыкта мындан сырткары бул авиакырсыктан жарандары курман болгон же жапа чеккен чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен өз ара макулдашылган аракеттерди жасоо, курман болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү, кырсыктын залалдарын жоюу, атайын өкмөттүк комиссия тарабынан кырсыктын себептерин иликтөөнүн натыйжасы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу учактардын учуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүү сыяктуу иштер өкмөткө тапшырылган.(SM)

XS
SM
MD
LG