Облустук билим берүү башкармасы жоюлгандан бери бул тармакты тескөөгө администрацияда атайын бөлүм ачылган. Бирок бул жаңы уюшулган бөлүмдүн иштөө ыргагына облустагы райондордун мугалимдери жана чет өлкөлөрдөн келген жаштар уюмдары нааразы болуп атат. Анткени, аларды иш ордунан табуу мүмкүн эмес. Бул боюнча кийинки жумада мугалимдер коомунун мүчөлөрү облус губернаторуна кайрылуу жолдогону жатышат. Белгилей кетчү нерсе, Ысык-Көл облусунда 136 мугалим жетишпейт. Ал эми 194 мектептин жылуулук маселеси кандай чечилгенин бул бөлүмдүн башчысы Айнура Осмонова да, адис Мира Бектенова да эмгиче билбегени маалым болду. (RB)
17:35 Ысык-Көл облустук билим берүү спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө көпчүлүк нааразы