-Орусия Евробиримдиктин катаал шарты эки тарапка бирдей эле залакасын тийгизет деп кыйытып келбедиби. Кечээки саммитте Евробиримдик мүчөлөрүнүн Орусияга карата чара көрүү боюнча пикирлери кайчы кеткени боюнча кандай пикирдесиз? Сүйлөшүүлөр кайсы жол менен улануусу ыктымал?
-Меничме бул түшүнүктүү эле. Европада биримдик жок. Өзгөчө позицияны Франция ээлеп атат. Британиянын да көз карашы таптакыр башкача болуп атат. Германия менен Польшанын өзүнчө көз карашы бар. Биримдикке жаңы мүчө болгон Балтика өлкөлөрү Орусияга карата каршы пикирлерин билдирип, Грузиянын азыркы жетекчилигин колдоп атышат. Ошондуктан, бул күтүлгөн көрүнүш. Албетте, маселени чечүү сүйлөшүүлөр жолу менен уланат. Азыркы учурда болсо Евробиримдик сыналып жатат, анын мүчөлөрү бир позицияны ээлей алабы же жокпу.
-Кечээки саммиттин жыйынтыгында Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Франциянын президенти Николя Саркози биримдиктин жетекчиси Хосе Мануэль Баррозу менен 8-сентябрда Москвага карай сапар ала турганы белгилүү болду. Саркози Москвадагы сүйлөшүүлөр чечүүчү болот деп ишендирүүдө. Ал Москваны өз аскерлерин Грузиядан алып чыгып кетүүгө көндүрө алабы?
-Жок, чечүүчү болбойт. Анткени Орусия өз чечиминен, позициясынан кайтпайт. Ал чечимге келип, Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныды. Саркози болсо сүйлөшүү жолу менен буга жетишүүгө аракет кылып жатат. Бирок андан майнап чыгарына көзүм жетпейт.
-Сиз Орусия чечиминен кайтпай тургандыгын белгилеп кеттиңиз. Айрым саясатчылар Грузия менен чатакты баштап, Орусия конфедерация стратегиясын ишке киргизди деген кооптонууларын айтып жатышат. Мындай коркунуч мурдагы союздук республикалардын башында бар деген пикир айтылууда. Борбор Азиядан кайсы мамлекетти Орусия өзүнүн жетегинде көрүүнү каалашы мүмкүн деп ойлойсуз?
-Өткөндө Орусия президенти Дмитрий Медведев тышкы саясаттын беш принцибин жарыялады. Ошондо так белгиленип турат: Орусия башка мамлекетти, ири болобу, чакан болобу, аларды мажбурлап, конфедерацияга сүйрөп баруу тууралуу сөз болбойт деп айтылып турат. Мен ошондой принципке ишенем. Анткени кимдир-бирөөгө басым жасап, мажбурлоо Орусиянын кызыкчылыгына кирбейт. Бирок албетте мурдагы советтик аймакты өзүнүн табигый аймагы деп эсептейт. Анан албетте шериктештикти күчөтөт. Борбор Азия өлкөлөрүнөн болсо Орусия үчүн эң маанилүү азыркы учурда –Казакстан.
-Кантта жайгашкан ЖККУнун аба майданына кызматка алууда жергиликтүү тургундардан Орусиянын жарандыгы талап кылынып жатат деген маалымат пайда болду. Мындай аракеттер Орусия тараптан атайын жасалып жаткан кадам болушу мүмкүн деген пикирлер жаралууда. Сиз кандай ойлойсуз?
-Үйүңүздүн төрүнө ким-бирөөнү кожоюн кылып койсоңуз, албетте, ал өзүнүн эрежелерин киргизе берет. Ошондуктан, бир кадамды таштардан мурун баарын терең ойлонуу керек. Эгемендүүлүк –өз тагдырына гана эгемен болуу эмес, күндөлүк турмушта эгемендүүлүктүн бүт жоболорун сактоо. Бизде андай болбой жатат.
-Бакыт мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!