Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:09

Пакистандагы президенттик шайлоодо Асиф Али Зардари жеңип чыкканы дээрлик анык болуп калды


Бүгүнкү добуш берүүдө парламенттин эки палатасынын тең мыйзам чыгаруучулары жана чөлкөмдүк 3 жыйындын (ассамблеянын) мүчөлөрү Зардариге артыкчылык беришти. 4-вилайеттин – Пенжабдын шайлоо жыйынтыктары азырынча чыгарыла элек. Эгерде мурдагы өкмөт башчы, маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардаринин жеңгени расмий тастыкталса, анда ал 18-августта кызматынан кеткен Первез Мушаррафтын ордуна мамлекет башчы болуп калмакчы. Зардариден башка дагы эки талапкер президенттик орун үчүн ат салышты.

XS
SM
MD
LG