Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

ГРУЗИЯНЫН ОРУСИЯГА МАДАНИЙ СОГУШУ


Орусия Грузиянын батыш бөлүгүндөгү беш аскерий бекетин жойду. Муну ишембиде эки тараптын тең расмий өкүлдөрү ырасташты. Түштүк Осетиядан улам өткөн айда Орусия менен Грузия ортосунда орун алган согуш аскерий фронтто эле эмес, маданий чөйрөдө да жүргөн эле. Грузияда өлкөнүн маданий элитасын түзгөн ырчылар менен аткаруучулар тобу, алардын айтымында, улуттук духту көтөрүүгө багытталган ырлар менен программаларды чыгаруу үчүн бириге алышкан. Бирок бул көрүнүштүн сынчылары андай аракеттер жөнөкөй мекенчилдиктен ксенофобияга алып барат деп эсептешет.

Ишембиде белгилүү болгондой, Орусия Грузиянын батыш аймактарындагы беш, анын ичинде Грузиянын стратегиялык Поти портунун сыртындагы көзөмөл бекетин жойду.

Орусия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Андрей Нестеренконун айтымында, орус аскерлеринин кетиши Еврошаркет менен Орусия ортосунда 8-сентябрда жетишилген макулдашууга ылайык болду.

Орус жана француз президенттери Дмитрий Медведев менен Николя Саркози макулдашкан ал келишимге ылайык, Орусия Поти порту менен Сенаки шаарынын айланасындагы беш аскерий бекетин ушул дүйшөмбүгө чейин жоюуга милдеттеме алган.

Анткен менен Москва мындан ары ал Грузиянын бир бөлүгү катары тааныбаган Түштүк Осетия менен Абхазияда миңдеген аскерин кармарын билдирүүдө.

Грузиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Ломаянын айтымында, ал эми Түштүк Осетия менен Абхазиянын сыртында Орусиянын 19 көзөмөл бекети кала берүүдө. Аларда 1200дөй аскер бар.

Ал эми маданий чөйрөдөгү согушка келсек, өлкөнүн таанымал 44 ырчысы жана аткаруучусу тарабынан кыргызчалаганда "Грузия, Грузия кыйын кезеңде кайраттуу бол, душманыңды жең жана чындык үчүн күрөш", деген маанини туюндурган ыр жазылган эле. Ал согуштан улам Орусияга карата кыжырдануу эң жогорку чекке жеткенде, Тбилисиде парламент имараты алдында өткөн ири митингеде жаңырып турду.

12-августтагы митингде сүйлөгөн сөзүндө грузин парламентинин депуттатарын бири Георги Габашвили жергиликтүү музуканттар менен ырчылардын мындай чыгарма жаратышын кубаттаган болчу:

-Достор элестетип көрсөңүздөр! Биздин жоокерлер менен катар искусство жана маданият чөйрөсүндөгү мекендештерибиз да колдон келгендин баарын жасоодо. Биздин музыканттардын тобу бүткүл Грузияны, биздин жоокерлерди, шаарларыбыз менен кыштактарды шыктандыруу үчүн ушул ырды жаратышты.

Грузияда соңку жылдары маданий чөйрөнүн жылдыздары саясий максатта колдонулган учурлар көп эле кездешти. Маселен, былтыр эстрада ырчысы Нини Бадурашвили аскерий темадагы музыкалык клипте грузин аскерлери астында жикчил аймак Абхазияны тартипке салу жөнүндө ырдап жатканы менен көңүл бурдурган.

Орусия менен жакындагы согуш "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынынТбилисидеги кабарчысы Жимшер Рехвашвилинин жазганына караганда, Грузиядагы бул тенденцияны кайра күчөттү. Телеканалдар белгилүү грузиялык артисттердин патриоттук ырларды окуган программаларын көрсөтүп жатышты.

Анткен менен кандай болгон күндө да маданий чөйрөдө көрүлгөн аракеттердин баары бир деңгээлде эмес эле. Маселен, грузин маданий ишмерлери Темо Рцхиладзе менен Зура Дойжашвилинин орус тилиндеги "Орусия –2008" деп аталган ыры Грузия коомун шыктандырууга эмес, Орусияны мыскылдоого багытталган.

Ыр Орусиянын бейпилдик күчтөрүн, такыр баштарга теңештирет, Кремлдин жетекчилерин мыскылдап сынга алат.

Мурдагы президент, азыркы премьер- министр Владимир Путинди суук кылып көргөзгөн портреттер, мас орустардын жана жакындагы согуштан, бомбалоодон тартылып алынган сүрөттөр монтаждалган видеотасма менен коштолгон бул ыр Грузиянын бир катар телеканалдары, анын ичинде жалпы улуттук Рустави –2 телеканалы тарабынан обого чыгарылган.

Ырдын авторлорунун бири, он жылдан ашуун убакыттан бери Орусияда жашаган композитор Темо Рцхиладзе чыгармасын туура жазылган жана орусиялыктарга Кремлдин агрессиясынын коркунучтуулугу жөнүндө өз убагында эскерткен ыр деп эсептейт:

-Мен бул лириканы жазып, музыкалаштырганымдан кийин ырдап берген биринчи адамым - москвалык досум болду. Ал абдан жактырып, орусиялыктар өзүнүн чыныгы жүзүн көрүү үчүн муну угуш керектин айтты. Бул анын айткандары. Биз Орусия менен согуш абалындабызбы же андай эмеспи? Биз баарыбыз жооп кылып, колдо бар каражаттын баары менен атып жатабыз.

Бирок маданияттын саясатташуусун баары эле колдой бербейт. Грузиялык коомдук ишмер Созар Субари, маселен, антиорусиялык маанайдагы ырлар грузин коомчулугунда ксенофобиянын толкунун жаратарын белгилейт:

-Бул ыр орустарды адам катары маскаралайт. Лирикадагы сөздөр менен кемсинтүүлөр белгилүү бир саясатчыларга эмес, жалпы улутка багытталган. Мен бул туура мамиле деп эсептебейм. Эки улуттун эли өтө катаал жаңжаалдар учурунда бири-бирине мындай мамиле жасабашы керек. Бизде Грузияда жашаган орусиялык жарандар көп, көптөгөн грузиндер Орусияда да жашоодо.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG