Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

НАТОнун баш катчысы Грузия үчүн альянска жол ачык экенин билдирди


НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Орусиянын каршы болгонуна карабастан альянс кеңейе берерин, Грузия үчүн альянска жол ачык экенин кечээ Тбилисиде билдирди. Эки күндүк сапарынын жана НАТО Кеңешинин көчмө жыйынынын жыйынтыктарына арналган пресс-конференцияда баш катчы Яап де Хооп Схеффер Грузиянын альянска алынышы жөнүндөгү маселеде ал Тбилиси үчүн жол такай ачык бойдон каларын ырастап, бирок бул иштин мөөнөтүн айткан жок. Болгону ал Грузия уюмдун талаптарына төп келиши керектигин, бул маселеде эч кандай мунаса болбой турганын гана белгиледи.

XS
SM
MD
LG