Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Ооганстандагы АКШ коалициясынын абадан урган соккусунун запкысын америкалык аскер башчылары ооган өкмөтү менен бирге иликтейт


Бул тууралуу Кабулда АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуудан кийин билдирди. Ооган бийлигинин жана Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, 22-августта абадан урган соккудан 90 жайкын тургун набыт болгон, алардын көбү аялдар жана балдар. Америкалык аскер башчылары чабуулдан 35 согушчан өлтүрүлгөнүн жана 5 же 7 карапайым ооган тургундары мерт кеткенин ырастоодо. Анын аралыгында Биргелешкен штабдар командачысы Майк Моллен Исламабадда Пакистан өкмөтүнүн өкүлдөрү жана аскерий жетекчилик менен сүйлөшүү өткөргөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG