Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

11:00 Кыргызстан JATA-2008 деп аталган туристтик көргөзмөгө катышууда


Аталган көргөзмө Жапониянын борбору Токиодо бүгүн аяктоодо. Ага дүйнөнүн 130 өлкөсү катышып, 100 миңден ашуун коноктор келди. КР туризм агенттигинин маалымат кызматынын кабарлашынча Токиодогу жарманке-көргөзмөгө Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүнөн жалгыз өкүл болуп катышты. Аталган агенттиктин жетекчиси Турусбек Мамашов бул иш-чарага катышуудан тышкары Жапониядагы кыргыз элчилигинин жардамы менен Жапония, Түштүк Корея өлкөлөрүнүн туристтик агенттиктери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келмекчи, деп билдирет туризмди өнүктүрүү агенттигинин маалымат кызматы. JATA-2008 туристтик жарманкеси 19-сентябрда башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG