Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

14:45 Ишенбай Кадырбековду абактан бошотуу боюнча БШК эч кандай чечим чыгарган жок


Бул маалымат майданындагы жүрүп жаткан “согуш”, деп билдирди Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугу жок. БШКнын отурумунда Ишенбай Кадырбековдун шайлоого талапкер катары катталгандыгы, шайлоочулары менен жолугушууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылды. “БШК тергөө органдарын мыйзамды аткарбай жатасың, талапкер Кадырбековду биз шайлоочулары менен жолгуштурат элек деп сотко берсе болмок. Бирок алар андай чечим чыгарышкан жок”,-деди Бекназаров.
19-сентябрда БШК Бишкек шаардык кеңешине №6 Асанбай округу боюнча талапкер Ишенбай Кадырбековдун шайлоого укугун камсыз кылуу боюнча токтом кабыл алган. Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Ишенбай Кадырбековду шайлоого даярдык учурунда жана шайлоо маалында камактан чыгарбоо боюнча Каржы полиция кызматынын сунушуна БШКнын мүчөлөрүнүн бардыгы каршы добуш берип, Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-пункту жана 1-берененин 1-пункту боюнча чечим кабыл алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG