Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

18:10 Түркмөнстандын Кыргызстанга электр кубаттуулугун берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү


Анткени Түркмөнстан Иран, Ооганстан, Түркия, Тажикстанга 2 млрд. кВт/саат электр кубаттуулугун экспортко чыгарууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары боюнча министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, Казакстан 250 млн. кВт/саат электр кубаттуулугун берүүгө ниети бар. Ал ошондой эле жакында Алма-атада төрт мамлекеттин тиешелүү министрликтердин жетекчилери жолугушуп, алдыдагы кышты биргелешип өткөрүү боюнча жыйын өткөрүшүп, токтом кабыл алышканын белгиледи. Ал токтомго Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан кол коюшкан. Ал эми Түркмөнстандын элчиси токтомду Ашгабатка жолдоорун, түркмөн бийлиги макул болсо кол коюшуп, кайра жиберерин билдирген. Өзбекстандын өкүлдөрү отурумга катышкан эмес. (AJ)

XS
SM
MD
LG