Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

ЛЕО БОКЕРИЯ БАШ БОЛГОН ОРУС ДАРЫГЕРЛЕРИ КӨРСӨТМӨ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАСАШТЫ


Дүйнөгө белгилүү кардиохирург, окумуштуу, Орусиянын медицина илимдер академиясынын мүчөсү (РАМН), В.И. Бураковский атындагы кардиохирургия институтунун директору Лео Бокерия жетектеген дарыгерлер тобу Кыргызстандын улуттук жүрөк хирургия институтунда эң оор төрт операцияны ийгиликтүү ишке ашырды. Кечээ (23-сентябрда) президент К.Бакиев Кыргызстандын медицина адистерин даярдоого жана жаңы ыкмаларды жайылтууга кошкон салымы үчүн Лео Бокерияга “Даңк” медалын тапшырды. Кыргыз жергесине орусиялык белгилүү академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине катышууга келген.

Белгилүү жүрөк дарыгери Лео Бокерия Бишкектеги жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу борборунда бир жашка чейинки эки наристенин жүрөгүнө эң оор операцияны ийгиликтүү жасады. Дагы эки балага операцияны Лео Бокериянын шакирттеринин бири Алексей Ким жасады.

Лео Бокерия Кыргызстанга жүрөк операциясын ишке ашыруучу медициналык топтун толук курамы - балдар хирургу Алексей Ким, анестезиолог, реаниматолог, перфезиолог, операциялык айым жана реанимация бөлүмүнүн башчысынын орунбасары болуп келген.

“Эгер биз дарыгерлер толук курам менен келбесек, анда мындагы кесиптештерибизге эмнени көрсөтөт элек. Айрым нерселер түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн эле”, - деген Лео Бокерия мындайча сөзун улады:

Бишкекте мага мурда да көп жолу болгондой сезилет. Балким бул жерде Москвадагы биздин борбордон билим алып кеткен адистердин көптүгүнөн улам ушундай сезилип аткандыр. Мен Кыргызстандын жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борбору менен таанышып чыктым. Мында абал канааттандырарлык экен жана жүрөктүн эң оор тубаса кемтиктерине операция жасалат. Бирок айтып кетүүм керек –борбор жаңы заманбап жабдыктар менен камсыздалышы керек. Көп аппараттар жетишпейт экен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча бир миллион калкка бир жылда бир миңге чукул жүрөк операциясы туура келет. Адистердин айтуусу боюнча беш миллион калкы бар Кыргызстанга бир жылда беш миң жүрөк операциясы туура келет. Ал эми Кыргызстанда заманбап медициналык жабдыктардын жетишсиздигинен жылына жүрөккө төрт жүз-беш жүз гана операция жасалат.

Учурда жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборуна заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздандырылган борбордун жаңы имараты зарыл. Борбордун директору Калдарбек Абдраманов эл аралык уюмдарга, өкмөткө кайрылып жатышкандыгын айтты:

Биздин институттун жанында борбордун жаңы имараты түшкүдөй бош жер бар. Мына ушул жерге заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылган имараттын түшүшү зарыл, эл үчүн. Кыргызстанда жүрөк операциясына кезекте тургандар көп.

Жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев дарыгер Лео Бокерияга кыргыз элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди:

Лео Антонович илимий жыйындарга катышуу менен эле чектелбей, Бишкекке келээри менен эле оор операцияларды жасап баштады. Жүрөккө операция жасоонун жаңы ыкмаларын атайын бригадасы менен мындагы шакирттерине үйрөтүп жатат. Ошондой эле урматтуу Лео Антонович, Сизди Кыргызстандын “Даңк” медалын алышыңыз менен куттуктайбыз жана Кыргызстандын медицина адистерин даярдоого жана аларга жаңы ыкмаларды жайылтууга кошкон салымыңызга ыраазычылык билдиребиз.

Орусиянын жүрөк кан тамыр илим изилдөө институтунун директору Лео Бокериянын жетекчилиги астында Кыргызстандын элүүдөн ашык окумуштуу-дарыгерлери медицина илимдеринин кандидаты жана докторлук иштерин жакташкан.

XS
SM
MD
LG