Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын кабарлашты. 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата уюшулуп жаткан иш-чара убагында, карыларга акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт. Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине, пенсионерлерге, жалгыз жашаган карыларга, майыптарга жана карылар үйүндө жашагандарга даректүү жардам берилет. Ошондой эле шаар бийлиги карылар менен жолугушуп, алардын суроо-талаптарын угат. Мэриянын маалыматы боюнча, ушул тапта борбор калаада алтымыш миңге чукул пенсионерлер жашайт. (AiJu)