Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

19:25 “Жашылдар” партиясы бүгүн да үгүт ишин жүргүзө алган жок


“Жашылдар” партиясынан Бишкек шаар кеңешинин депутаттыгына аттанган талапкерлери үчүн үгүт ишин жүргүзүүгө Ала-Тоо борбордук аянтына чогулган 20дай адамды Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү бүгүн кечинде кармап кетти. Алардын арасында “Ата Мекен” партиясынын да бир нече өкүлү бар экендигин бул партиянын өкүлү Бакыт Калпетов билдирди. “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаевдин билдирүүсү боюнча, партиянын кечээ кармалган мүчөсү Шамил Лолазанын ишин бүгүн райондук сот карап, 5 күндук абакка кести. Саясий партиялар тартип коргоо органдарынын мындай аракетин Шайлоо кодексинин үгүт жүргүзүү беренесин бузуп, азыркы бийлик жергиликтүү кеңештерге шайлоону кара шайлоого айландырган жатат деп баалашты. (BD)

XS
SM
MD
LG