Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

КАРЖЫ КРИЗИСИ ЕВРОПАГА ДА ЖЕТТИ


Кошмо Штаттардагы финансылык кризистин эпкини сыягы Европага да жетти. Европа өкмөттөрү капсалаңга кабылган банктарды куткаруунун амалын кылууда. Германияда менчик аманатчылардын акчаларын сактоо боюнча 50 миллиард евролук план бекитилди. Бүгүн евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери кризиске каршы күрөшүү маселесин талкуулашат. Бул маселе Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн финансы министрлеринин эртең болчу жыйынында да талдоого алынат.

Кризиске кабылган банктардын ичинде Германиядагы экинчи чоң банк-Hypo Real Estate да бар. Ошентип, европалык банктарды АКШда башталып, дүйнөлүк финансы системасын быкындан алган кредит кризиси кыйгап өтпөдү.

Жекшемби күнү Германиянын өкмөтү Нуро банкты сактоо планын бекитти. 50 миллиард евро өлчөмүндөгү куткаруу планы канцлер Анжела Меркель башындагы өкмөт менен Германиянын менчик банктарынын сүйлөшүүсүндө иштеп чыгылды.

- Натыйжада, жеке менчик финансы сектору кошумча дагы 15 миллиард евро бөлдү. Германия өкмөтү тарабынан мурда 35 миллиард евро убада кылынган. Бул жакшы чечим Нуро банкка жардам берет жана салык төлөөчүлөргө жүк болбойт, - деп маалымдады финансы министрлигинин өкүлү Торстен Олбиг.

Канцлер Меркель: өкмөт банктарда акчасы бар жеке аманатчылардын сактоодогу акчасынын коопсуздугуна кепил өтөт - деп, акчасын банктардан чыгарып кеткенге шашып турган аманатчыларды жоошутту. Бирок аманат акча 100 пайыз сакталаар-сакталбасы белгисиз.

Анын алдында Британия депозиттер үчүн гарантиянын өлчөмүн 50 миң фунт стерлингге же 90 миң долларга чыгарган. Мурда бул сумма 35 миң фунтка барабар эле.

Дания, Грекия, Ирландия жана Швециянын өкмөттөрү да жеке аманатчылардын банктардагы бардык акчасына же негизги бөлүгүнө кепилдик беришти.

Белгилей кетчү нерсе, Евробиримдиктин мүчөлөрү түгүл, 1999- жылы бирдиктүү акчага өткөн Европа өлкөлөрү да баштарына түшкөн биринчи финансылык кризиске каршы бирдиктүү план иштеп чыга албады. Франция кризиске каршы күрөшүү үчүн Биримдикке мүчө өлкөлөр ички дүң продукциясынын бир процентине тете акча бөлүүсүнү сунуш кылган. Бирок сунуш Британия, Германия, Италия жана Франциянын лидерлеринин өткөн аптанын аягында Парижде болгон жыйынында колдоо тапкан жок. Ошон үчүн ар бир өлкө финансы тармагындагы кризиске каршы өз алдынча аракеттенүүдө.

Мындан улам бардык эле улуттук өкмөттөрдө банк секторундагы кризисти токтотуу үчүн жетерлик каражаттары барбы деген суроо пайда болууда. Кризис евромейкиндикке кирген 15 өлкө финансы тармагында чогуу аракеттене албаганын да айкын кылды.

XS
SM
MD
LG