Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

"МАНАС" АЭРОПОРТУНДА КОРРУПЦИЯ БАРБЫ?


Эсеп палатасы эл аралык “Манас” аба майданы каражаттарды ыксыз пайдалангандыгын ырастап, ишти мамлекеттик мүлк фондуна жиберди. Бир ай ичинде аталган фонд акционердик коомдун ишине баа бермекчи. Талашты чакырган маселе эл аралык аба майданы сатып алган эски учакты оңдоого оңор эмес акча сарпталып, бирок да анын эмдигиче учпай турганы болууда. Айрым байкоочулар “Манас” аба майданынын жетекчиси жогорку бийлик топторунун ортосундагы тирешке себепкер болгонун белгилешүүдө.

“Манас” эл аралык аба майданы сатып алган эски учак, анан да ал жердеги эл аралык антитеррордук күчтөрдөн түшчү ижара акы кайда кетип жатканы дагыле түшүнүксүз калып келатканы буга чейин деле көп айтылган.

Анан да Эсеп палатасы эл аралык аба майдандын каражаттарды ыксыз пайдаланып жатканын таап чыгышы “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жергиликтүү шайлоо жыйынтыктарын катаң сынга алган чагына туш келип жатканы артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду пайда кылды.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин өлкөнүн көзгө басар заманбап аба майданын жетектөө милдети а кездеги президенттик акимчиликтин жетекчиси Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковго жүктөлгөн.

Парламенттин мурдагы депутаты Алмамбет Матубраимовдун ырасташынча, бул иштин артында саясий кызыкчылыктар болушу деле мүмкүн:

- Акчанын баары келип жатат. Кредиттин баарын моюнга илип жатабыз. Ошол жердеги талкаланган учакты, тейлөөдөн канча түшөт, “Ганси” канча акча берерин эч ким билбей койбодубу. Себеп дегенде, мына аэропорт башталгандан тартып буга кызыккандын бардыгы бар. Бул канткенде дагы эл аралык аэропорт, баары даяр. Бири бир жагынан оңдоп түзөй баштайт, экинчиси башка жеринен баштайт. Учуп жаткан тилкенин оңдолгонун бир жолу көрдүңбү? Аэропорттун ичин бөлөт, кайра жарат, кайра коет.

Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гайыпкуловдун пикиринде, эл аралык аба майданынын ишин текшерүүнүн артында эч кандай саясий кызыкчылык жок.

Анын айтуусунда, Эсеп палатасы өткөн жылкы парламенттин тапшырмасы боюнча пландуу негизде текшерүү жүргүзгөн.

Эсеп палатасы текшерүүнүн жыйынтыгын мамлекеттик мүлк фондуна жөнөткөн.

- Башкы акционер катары өздөрүнүн коллегиясында алар карап чыгышы керек. Анан ошого карап иш кылабыз,- дейт Искендер Гайыпкулов.

Башкы акционер ишкана тапкан акчасын натыйжалуу пайдаландыбы-жокпу маселесин чечиши керек. Анын себеп жөнүн И.Гайыпкулов мындайча чечмеледи:

- Ал бюджеттин акчасы эмес, акционердик коомдун акчасы. Ошол үчүн мамлекеттик мүлк фонду гана ага баа бере алат.

Парламенттин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров “Манас” аба майданынын айланасындагы талаштуу маселелер укуктук негизде чечилиши керек, деген пикирде:

- “Манас” аба майданында өзүм билемдик болуп жатканы көптөн бери эле баарына белгилүү. Бирок аны саясатка айландырбай эле криминал болсо криминал деп эле, жок болсо жок экен деп иш кылыш керек. Эсептөө палатасы мыйзам бузууларды тапса тийиштүү органдарга өткөрүп берсин. Алар күнөөсү барбы-жокпу аныктасын.

Азимбек Бекназаров маселенин баары Үсөн Сыдыковдун баласынын иштеген-иштебегенине байланыштуу эместигин, болуп аткандардын баары системадан чыгып жатканын белгиледи.

Ал эми Бакыт Сыдыков мырзага чалган телефонубуз жоопсуз калды. Анын үстүнө мамлекеттик мүлк фонду жыйынтык бүтүмүн азырынча чыгара элек.

XS
SM
MD
LG