Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

16:03 Бишкекте балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды


“Биз КМШда жашайбыз” аттуу эл аралык көргөзмөнү билим берүү министрлиги менен КМШ гуманитардык кызматташтык фонду уюштурган. Көргөзмөдө КМШ мамлекеттеринде жашаган балдар арасында өткөн сынактан мыкты деп тандалган 120 сүрөт коюлган. Жалпысынан сынакка тогуз өлкөдөн беш жүз эмгек катышкан. Калыстар тобун президент Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева жетектеген. Иш-чаранын максаты- эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо, ар өлкөнүн балдары ортосунда достук мамилени түзүүгө жардам берүү жана жаш таланттарды колдоо болуп саналат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG