Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Коммунисттер партиясы И.Кадырбековду коргобойт


Бул тууралуу партия лидери Исхак Масалиев бүгүн партиянын курултайында билдирди. И.Масалиев партия Ишенбай Кадырбековдун эркиндикке чыгышына тилектеш экенин белгилеп, бирок ал партиянын мүчөлүгүнөн чыгып кеткендигине байланыштуу укуктарын коргой албайбыз, деп билдирди. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку жетекчиси, учурда абакта жаткан И.Кадырбеков жергиликтүү кеңешке шайлоодо талапкерлигин “Ата Мекен” партиясынын атынан көрсөткөн эле. (MSu)

XS
SM
MD
LG