Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Ооган президенти АКШнын аскерий күчтөрүн сынга алды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай менчик коопсуздук мекемесинин кызматкерлерин өлтүрдү деп, жоопкерчиликти америкалык аскерлердин мойнуна такты. Мурдараак АКШнын аскерий күчтөрү өлтүрүлгөн он төрт киши талип жоочулары деп билдиришкен. Хамид Карзай мерт болгондор курулуш ишканасы жалдаган коопсуздук кызматкерлери болчу деп, АКШ тараптын маалыматын төгүндөдү. Карзай жайкын тургундардын өлтүрүлүп жатышы жергиликтүү тургундардын мамлекет бийлигине болгон ишеничин кетирип жатат дейт. Эл аралык коалиция күчтөрү жана Ооган бийлик өкүлдөрү менен биргеликте бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG